Башкы бетке Рубрикасы жок Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 200 баш саан уй тапшырылды

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 200 баш саан уй тапшырылды

0
1785
Бүгүн, 12-апрелде Тоң жана Жети-Өгүз райондорунунун аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө Кумтөр ишканасы тарабынан 200 баш саан уй берилди.
Бул иш чарага Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова катышып, президент С.Жапаровдун жеке демилгеси менен ишке ашып жаткан социалдык контракт долбоорунун негизинде, быйыл да 20 миң үй-бүлөгө акчалай каражат берилерин баса белгиледи. Ошондой эле, бул долбоордун алкагында 23 миңден ашык жумуш орун түзүлөрү пландалып жаткандыгын, анын ичинен 1 100дөн ашууну Ысык-Көл облусуна туура келерин айтты.
“Учурда Ысык-Көлдө 1136 үй-бүлө мамлекеттин колдоосу менен чакан ишкана ачкан.  Облуста негизинен мал чарбачылыгы жана тигүү өндүрүшү, коомдук тамактануу, сулуулук салонунун тейлөөсү, транспорттук ташуу боюнча долбоорлор ишке ашырылууда», – деп белгиледи министр.
Мурунку макалаСадыр Жапаров Franklin Templeton компаниясынын башкы инвестициялык директорун кабыл алды
Кийинки макалаПрезидент Жалал-Абаддын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө арналган жумушчу кеңешме өткөрдү

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз