Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркия президентинин административдик иш башкармалыгынын жаңы дайындалган жетекчиси Хаккы Сусмаз менен жолугушту.
Сүйлөшүүнүн башында элчи Руслан Казакбаев Хаккы Сусмазды кызматка дайындалышы менен куттуктап, жаңы кызматында мындан аркы ийгиликтерди каалады.
Тараптар Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Түркия Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына байланыштуу долбоорлорду талкуулашты.
Өз кезегинде Хаккы Сусмаз активдүү кызматташууга жана кыргыз тараптын демилгелерин колдоого даяр экенин билдирди.


