Башкы бетке Рубрикасы жок Ак-Сууда 120 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

Ак-Сууда 120 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

0
1693

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Суу айылында 120 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтан билдиришкендей, бала бакча аталган компаниянын каржылык колдоосу менен салынган.

“Кумтөр Голд Компанинин” президенти Алмазбек Барыктабасов Ак-Суу айылынын тургундарын жаңы бала бакчанын ачылышы менен куттуктады.

“Ар бир жаңы бала бакча, ар бир жаңы мектеп, ар бир жаңы спорт зал – бул биздин келечегибизге, балдарыбызга, жергиликтүү элдин жашоосун жаңы деңгээлге көтүрүүгө салынган инвестиция. Бүгүнкү күндө мамлекет кичинекей бөбөктөрүбүздүн инсандык жана физикалык жактан өнүгүүсү үчүн баардык ыңгайлуу шарттарды түзүүгө абдан көп күч-аракет жумшоодо. Биздин компания дагы бул иште өзүнүн салымын кошуп, коом алдындагы социалдык жоопкерчилигин татыктуу аткаруунун алкагында жаңы бала бакчанын курулушун чын ниетибизден колдоого алдык. Жаңы бала бакча Ак-Суу айылынын эле эмес, бүтүндөй Кыргызстандын намысына жараган уул-кыздарды тарбиялап чыгарган куттуу жайга айлансын”, – деп баса белгиледи ишкана жетекчиси.

“Кумтөр Голд Компани” бул бала бакчаны керектүү жабдыктар жана эмеректер менен жабдууну дагы өз мойнуна алган.

Кошумчалай кетсек, жакында эле “Кумтөр Голд Компанинин” каржылык колдоосу менен Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Темир-Канат айылында дагы 40 орундуу жаңы бала бакчанын ачылышы болгон.

Мурунку макалаТИМ: Индиядагы жер көчкүдөн каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок
Кийинки макалаМинКаб башчысы маморгандардын жетекчилерине бир катар милдеттерди койду

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз