Башкы бетке Рубрикасы жок “Бакыт гормону” базарда эле сатылат

“Бакыт гормону” базарда эле сатылат

0
628

Жай саратаны өтүп жер-жемиштер бышып турган маалы. Анын ичинде баарыбыз тамшанып жеген коон дагы бар. Эмесе, коондун пайдасы тууралуу сөз кылсак, адамга керектүү болгон микроэлементтердин, витаминдердин булагы. Баарынан мурда нерв системасын бекемдеп, уйкусуздукту жөнгө салат. Кан айлануу системасын жакшыртат. Аз кандуулукка табылгыс дары. Мындан улам, коонду «бакыт гормону» деп да коюшат.

Организмдин санитары

Коон С, А, К, Е, В витаминдерине, калий, магний, жез, марганец сыяктуу минералдарга бай. Өзгөчө курамында С витамини көп болгондуктан, иммундук системаны бекемдеп, организмди инфекциялардан коргойт. Ал эми анын курамындагы фолий кислотасы аялдарга кош бойлуу жана климактериялык мезгилде өтө пайдалуу болуп саналат. Мындан тышкары, эске тутуусун жакшыртууну жана депрессиядан арылууну каалагандар үчүн да жакшы жардам берет. Бета-каротин болсо терини жана чачты сулуу, жылмакай кылат.

Коон денеден оор металл туздарын чыгарат. Коондун курамындагы калий жүрөк булчуңдарын чыңдап, денедеги ашыкча суюктукту чыгарып, шишиктерди азайтууга жардам берет.

Кальций сөөктөрдү жана тиштерди бекемдөөгө жардам берет. Ал эми магний стресс сыяктуу неврологиялык көйгөйлөргө каршы иштейт. Коондун курамында клетчатка көп болгондуктан, тамак-аш сиңирүү жолдору аркылуу тезирээк өтүп, заңды жумшартат. Мындай маанилүү функцияларды аткаруунун негизинде коон ич катуудан арылууга жардам берет. Коондун клетчаткага бай болушу  медицинада организмди жана ичегини тазалоочу катары колдонулат. Ушундан улам коонду “организмдин санитары” деп да аташат.

Жашартып да жиберет

Жаңы бышкан абалында гана эмес, кургатылган коон дагы  пайдалуу жана организмди тазалоочу касиетке ээ. Тоңдурулган коонду болсо муздаткычта 3 ай сактаса болот.

Жогоруда айткандай, коондо А витамини бар. Демек, аны дененин дээрлик бардык бөлүктөрү үчүн жашартуучу маска катары пайдаланууга болот. Коон маскасы терини азык заттар менен азыктандырат, ийкемдүү жана жумшак кылат, пигменттерди, безеткилерди жана сепкилдерди кетирет. Коондун курамындагы антиоксиданттар клеткаларды зыяндан коргоп, картаюу процессин жайлатат. Бул заттар ар кандай өнөкөт оорулардын пайда болуу коркунучун да азайтат. Ал эми 100 г коондун курамында 30-38 килокалорий бар.

Жегенди билбесең жети атаңды таанытат

Коонду туура эмес жеп алган шартта ал ашказан үчүн оордук жаратат жана анын иштешин бузуп коюшу мүмкүн. Негизи коонду эртең мененки жана түшкү же түшкү жана кечки деген негизги тамактануулардын ортосунда жеген жакшы. Колдон келсе аны башка азыктар менен аралаштырбай жеш керек. Коонду ачкарын жатар алдында жегенге болбойт.

Сүт жана алкоголь ичимдиктери менен аралаштырып жесе, коон тамак сиңирүүнү бузат. Эмчек эмизген энелер жесе, баласынын тамак сиңирүү системасы жабыркайт. Курамы шекерге бай болгондуктан кант диабетин күчөтөт. Ошондой эле ашказан-ичеги жолдорунун инфекциялык ооруларынан жабыркагандарга болбойт. Ашказан жарасын жана гастритти күчөтүшү мүмкүн.

Тандай албасаң тазына жолугасың

Коонду автомобилдер жүрүүчү жолдун жээгинен сатып алуу эң коркунучтуу. Анткени, ал зыяндуу болгон оор металлдарды өзүнө тез сиңирип алат.

Андыктан, коонду үстү жабык, алдына сөзсүз бир нерсе төшөлгөн жерден сатып алуу керек. Дарбыздан айырмаланып, коондун кабыгы жука болот. Ошондуктан сырты бүтүн, урулбаган, согулбаган, сыйрылбаганын тандоо кажет. Бышкан коонду аңкыган жагымдуу жытынан билсе болот.

Коондун түрлөрү

Коондун көптөгөн түрлөрү бар, белгилүү сорттору: бал, колхозчу, торпеда, канталуп, кассаба, түркмөн ж.б.

Алар кабыгынын жана целлюлозасынын түсү, бышуу ылдамдыгы, өстүрүлгөн жери, салмагы, даамы жана формасы боюнча айырмаланат.

Торпеда. Өзбекстанда өстүрүлгөн эң популярдуу, даамы таттуу жана жыттуу классикалык коон. Кеч бышат. Салмагы 3-7 (10 кг чейин) жетет. Түсү ачык сары, ичке жана ак торчо сымал тамырчалары бар. Торпеда коондор арасында максималдуу калориялуу болуп саналат.

Гуляби. Өзбекстандагы дагы бир популярдуу коон. Бул торпедага караганда кичине, бирок кыйла эле чоң 2-5 (7 кг чейин), бир аз сүйрүрөөк келет. Кабыгы орто калың, кызгылт сары же сары-жашыл түстө. Бул коонду жытына карап тандап алганыңыз жакшы. Гулябинин целлюлозасы көп турган сайын таттуу болуп, аны коондун башка сортторунан айырмалап турат.

Колхозчу. Россиядагы белгилүү сорт. Поволжьеде өстүрүлөт. Салмагы 4 кг чейин, орточо 1,5-2 кг. Тегерек, дээрлик тоголок, кабыгы жылмакай сары, майда торчолуу. Колхозчу коонунун эч кандай жыты болбойт. Кеч бышуучу сорт болгондуктан сатыкка эң акыркы болуп чыгат.

Эфиоп. Орус селекционерлери өстүргөн бул коон мурдагыдай популярдуу эмес. Бирок потенциалы чоң. Жемиштери орто жана чоң (3-7 кг), бети сегменттелген сүйрү тегерек формада. Кабыгы жыш, бирок ичке, ачык кызгылт, сары торчолуу. Эфиоп коону абдан таттуу жана эң жыпар жыттуу коондордун  бири.

Кассаба. Анын жыты жок. Артыкчылыгы, ал бир-эки айга чейин, ал тургай кеч күздөн кышка чейин даамын бузбай тура берет. Башка эч бир коон мынчалык узакка чыдабайт. Бышпаган кассаба коондорун чогултуп, сактап коюшат. Анткени, ал үзүлгөн абалда деле быша берет.

Бал коон. Бал коону – коондун бардык сортторун өзүнө топтогондой. Бул коон Россиянын түштүк аймактарында, Кара деңизде, Азов облусунда жана Жер Ортолук деңиз жээгинин  өлкөлөрүндө өстүрүлөт. Өзү кичинекей, дээрлик тоголок, салмагы 1-4 кг. Бал коондору бал жыттанып, абдан таттуу.

Юбари Жапон. Бул дүйнөдөгү эң кымбат коон. Юбари Кинг деген аталышта Япониянын Хоккайдо аралындагы Юбари кичинекей шаарында өстүрүлүп келген. Юбари абдан даамдуу кичинекей коон, салмагы 600 г 1,5 кг чейин. Кабыгы тор сымал жука.

Дино. Бул коон өтө сейрек кездешет. Бразилиядагы Agricola Famosa фермасында гана өстүрүлөт. Дино коондору динозаврдын жумурткасына окшоштугу үчүн дино деп аталып калган. Ал эми Англияда аны кар топусу деп да коюшат.

Анара АРЗЫБАЙ кызы, «Кыргыз Туусу»

Мурунку макалаЭрмек БАХАВАДИНОВ: “Бардык аракет элдин бакубатчылыгы үчүн жумшалууда
Кийинки макалаБокс саясаттын курмандыгы болуп калбайбы?

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз