Башкы бетке Рубрикасы жок Эрмек БАХАВАДИНОВ: “Бардык аракет элдин бакубатчылыгы үчүн жумшалууда

Эрмек БАХАВАДИНОВ: “Бардык аракет элдин бакубатчылыгы үчүн жумшалууда

0
401

Жети-Өгүз району 1930-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун 1958-жылдын 29-октябрындагы Указы менен Жети-Өгүз жана Покровский райондору бириктирилип, райондун борбору (Покровка) азыркы Кызыл Суу айылы болуп калган.

Жер соорусу Жети-Өгүз деп кыргыз элинде бекеринен айтылбаса керек. Андагы аты ааламга тараган Көк-Жайык жайлоосу бүгүнкү күндө туристтердин сүйгөн жайы. Жайында бул жерде көз жоосун алган боз үйлөр тигилип, мал багылат. Келген туристтерди жергиликтүү чабандар ар дайым ат менен шаркыратмага – Кыздын көз жашына алып барганга ынтызар, ошондой эле боз үйүндө кымыз ичип, көчмөн маданияты менен таанышууну сунушташат.

Жети-Өгүз – Ала-Көл өрөөнүнөн башталат. Кышында бул өрөөн толугу менен карга басылып, укмуштуудай аппак жайга айланат. Дагы бир баса белгилеп кетүүчү жагдай район Жети-Өгүз курорту жана Барскоон шаркыратмасы менен калайык-калкка таанымал.

18 улуттун өкүлдөрү жашаган көп улуттуу райондун калкынын  саны 105 миң.
Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Эрмек БАХАВАДИНОВ 2024-жылдын I жарым жылдыгында аткарылган негизги иштер жана II жарым жылдыкка карата пландар тууралуу кылым карыткан “Кыргыз Туусу” гезитине маалымат берип, бардык аракет элдин бакубатчылыгы үчүн жумшалып жатканын билдирди.

Жарым жылда өздөштүрүлгөн каражаттар 

– Жарым жылда өздөштүрүлгөн каражаттар 1547,2 млн. сом болсо, анын ичинен республикалык бюджеттен 600,0 млн.сом тартылган же жалпы сумманын 38,7 пайызын түзөт. Ал эми жергиликтүү бюджеттен 42,0 млн. сом, Райондук өнүктүрүү фондунан 27,3 млн. сом, инвестициялык каржылануудан 877,6 млн. сом болсо, жеке ишкерлерден 0,3 млн. сом акчалай каражаты тартылган.

Эми ушул каражаттар кайсы тармактарга кандай жумшалганына токтолобуз.

Негизги экономикалык көрсөткүчтөр

– Жалпыга белгилүү болгондой, райондо өндүрүш тармагын өнүктүрүү биринчи орунда турат. Мисалы, жергиликтүү бюджеттин аткаруу планы – 301350,0  миң сом болсо, факт жүзүндө – 314235,1 миң сомго же 104,3 %га аткарылган. Тагыраак айтканда, 4 ишкана ачылып, 96 жумуш орду түзүлгөн.

Жайыттарды туура пайдалануу

– Жууку капчыгайы, Кулаган-Таш участкасына 1 көпүрө,Чоң-Кызыл-Суу капчыгайына 1 көпүрө, Жети-Өгүз капчыгайында 2 көпүрө курулуп, жайыттарды туура пайдалануу планга ылайык аткарылган. Жыйынтыгында, 95 км жайыттарга баруучу жолдор оңдолду.

Жолдор курулууда

– Райондогу айылдар аралык ички жолдорду курууда республикалык жана жергиликтүү бюджеттин каржылоосу менен 3 км. ички жолдор асфальттанды. Ал эми, Оргочор, Боз-Бешик, Светлая Поляна, Ичке-Булуң ж.б. 6 км. айыл жолдорун  курууга даярдыктар көрүлүп жатат.

Инвестиция, ири долбоорлор…

– Инвестиция тартуу, социалдык-экономикалык жактан кызматташуу максатында Жети-Өгүз району менен Стамбул шаарынын Багджылар муниципалитетинин ортосунда «Боордош мамиле» түзүү боюнча Протоколдук келишимге кол коюлган. Келишимге ылайык, 2024-жылдын 3-июлунда Стамбул шаарында маданий иш-чара өткөрүлүп Жети-Өгүз району тууралуу сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

Липенка айыл аймагын өнүктүрүү максатында Корея өлкөсүнүн FHI «Үмүт достору фонду» коомдук фондунун CFCT айылдарды комплекстүү өнүктүрүү программасынын алкагында 10 жылдык мөөнөткө кызматташуу боюнча келишимге кол коюлган. Учурда райондун аймагындагы мектептердин санитардык-гигиеналык абалын жакшыртуу долбоорун ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

«MAARU» Япон кайрымдуулук фонду менен Жети-Өгүз районундагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарын колдоо максатында 5 жылдык мөөнөткө кызматташуу боюнча кол коюлган келишимге ылайык, 2024-жылдын январь айында Барскоон жана Кызыл-Суу айылындагы 2 бала бакчага балдар ойноочу аянтчалары курулду.

Мындан сырткары, Кытай Эл Республикасынын Наньнинь шаары менен кызматташуу ниеттери тууралуу протоколго кол коюлду.

Билим берүүдө келечекке карай бир кадам

– «Келечекке билим берүү»  долбоору аркылуу 17 «кыска мөөнөттүү 3 сааттык бала бакча» ачуу иштери пландалган. 2024-жылдын I жарым жылдыгы менен 17 объекттин ичинен 8 объект ишке берилди.

Алар: «Нур» – 50 орундуу, «Гүлзарым» – 200 орундуу, «Солнышко» – 100, «Кара-Булуң» участкасындагы мектепте – 50, Мундуз айылында – 50, Ак-Дөбө айылында – 50, Жети-Өгүз айылында – 50, Ак-Шыйрак айылындагы – 50 орундуу.

Жалпысынан айтканда, 600 наристе 3 сааттык бала бакча менен камсыздалды. Мындан сырткары, 1 үй-бүлө тибиндеги бала бакча ачылды.

Жалгыз-Өрүк, Кабак, Кытай, Аң-Өстөн, Липенка, Саруу  айылдарында 6 орто мектепте жана 12 айылда кичи футбол аянтчаларынын  курулуш иштери жүрүп жатат.

Ал эми, Тилекмат, Ак-Дөбө, Даркан, Кичи-Жаргылчак, Желе-Дөбө, Жалгыз-Өрүк, Ырдык айылдарда 7 бала бакча жана Тосор айылындагы маданият үйү, Жети-Өгүз айылында жайгашкан  маданият борбору, Оргочор айылындагы Санжыра музейи, Мундуз, Чоң-Кызыл-Суу, Ак-Дөбөдө ФАПтар, Ак-Теректе ҮДТнын курулушу жүрүп жатат.

Социалдык контракт жакырчылыкты жоюуда

– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 жарлыгы менен бекитилген “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында” белгиленген төмөнкү артыкчылыктуу милдеттерди ишке ашырууда: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 385 токтомуна ылайык, район боюнча 2024-жылга 379 социалдык контракка  квота берилген, азыркы учурда 109 жаранга 100000 сом акча каражаты берилип, келишимдер түзүлдү.

Жалпы соцконтракттын негизинде 319 үй-бүлө иш алып барып жатат. Долбоордун багыттарына анализ кылсак, анын ичинен 168и саан уй, 85и кой өстүрүү, 38и тигүүчүлүк, 8и соода, кафе ачуу менен, 3 устачылык, 3 бал челек, кызмат көрсөтүү ж.б. багытта иш алып барууда.

Долбоордун катышуучуларын райондон, айыл өкмөттүн соцкызматкерлери, жетекчилер байма-бай текшерип, жаралган көйгөйлөрүн жеринде чечип берүүгө аракеттер жасалууда.

Туризмди өнүктүрүү колго алынган

– Жети-Өгүз районунун аймагында жалпы 113 туристтерди кабыл алуучу жай бар. Аларга берилген паспорттордун саны – 73, паспорт берүүдөн баш тартылганы – 7, жалпы кабыл алынган арыздардын саны – 80ди түзөт.

Анын ичинен 2 санаторий, 4 пансионат, конок үйлөрү – 50, балдар лагери – 2, боз үй шаарчалары – 55.

2024-жылдын 6 айында 12 эс алуу жайында саркынды сууларды тазалоочу курулмалары курулуп, пайдаланууга берилди.

Тосор айылында жайгашкан Рапия конок үйү, Лейк глемпинг, Ак-Бермет глемпинг, Тосор хаус конок үйү, Боз үй шаарчасы, Ак-Тенгри ден соолук чыңдоочу борбору, Боз үй шаарчасы, Боз үй кемп, Ак-Кеме конок үйү, Шансон конок үйү, Каганат боз үй шаарчасы жана Барскоон айылында Югра конок үйлөрү ачылган.

Ишке ашкан инвестициялар

– Тилекмат айылындагы 8-10 млн. АКШ $ кирпич заводу, Жаргылчак аймагына караштуу Ак-Терек, Кичи-Жаргылчак, Чоң-Жаргылчак айылдарына 3 чакан ГЭСтин курулушу, Барскоон суусуна кичи ГЭСтин курулушу.

Улуттук ири долбоорлор уланууда

  • Барскоон – Каракол автожолу;
  • Барскоон – Бедел – Үч-Турпан жолу;
  • Арабел суусу долбоору;
  • Жети-Өгүз курортун реконструк-
    циялоо;
  • 11 чакан ГЭСтин курулушун бүткөрүү;
  • Сүттүү-Булак тоо лыжа базасын куруу;
  • Тоголок алтын кенин ишке берүү;
  • Кызыл-Cуу айылынын таза суу долбоору;
  • Дархан, Жон-Булак, Саруу-Санаторий, Светлая Поляна таза суу долбоорлорун ишке ашыруу;
  • Жалгыз-Өрүк, Кабак мектептерин ишке берүү.

2024-жылдын II жарым жылдыгына карата негизги иш-пландар:

– Район боюнча 100 иш-чаранын аткарылышын камсыздоо;
– 2024-жылдын 1-сентябрына карата Жалгыз-Өрүк, Кабак айылдарында курулуп жаткан мектептерди ишке берүү,
– Ак-Дөбө, Тилекмат, Даркан, Кичи-Жаргылчак айылдарындагы бала бакчаларды пайдаланууга берүү;
– Чоң-Кызыл-Суу капчыгайындагы 2-3-көпүрөнү жаңылоо;
– Саруу жана Тосор айылдарында курулуп жаткан туристтик борборлорду пайдаланууга берүү.

Негизги көйгөйлөр:

– 25 орто мектепте чоң жыйындар (актовый) зал жок;
– 13 орто мектепте спорт залы жок;
– 10 айылда бала бакча жок;
– 10 орто мектепти капиталдык оңдоодон өткөрүү зарыл;
– 6 айылга ФАП куруу зарыл;
– ДЭП-3, ДЭП-35 ишканаларын керектүү  атайын техникалар менен камсыздоо;
– Райондук оорукананын имаратын куруу зарыл;
– Райондук китепкананын имаратын куруу зарыл;
– Райондук архив кызматынын имаратын куруу;
– 20 айылдын таза суу системаларын жаңылоо зарыл;
– Район боюнча 120 км жолдорду асфальттоо зарыл.

 

Жыпара ЖЭЭНАЛИЕВА,
“Кыргыз Туусу”

Мурунку макалаНарын шаарында электробустар каттай баштады
Кийинки макала“Бакыт гормону” базарда эле сатылат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз