Башкы бетке Рубрикасы жок Кара-Суу айылында спорт залдын имараты пайдаланууга берилди

Кара-Суу айылында спорт залдын имараты пайдаланууга берилди

0
1377

Күн мурун Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Алай районуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кара-Суу айылында курулган С.Дурсуматов атындагы спорт залдын ачылышына катышты.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган спорт залдын курулушу өткөн жылы башталып, ал үчүн мамлекеттен 22 млн сом каралган.

Төрага заманбап спорттук жабдуулар менен камсыздалган залды көрүп чыгып, калктын саламаттыгын чыңдоодо спорттун мааниси чоң экенидигин белгиледи.

«Андыктан, жарандар арасында сергек жашоо образын жайылтуу максатында мамлекет тарабынан спорт тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, жалпы өлкө боюнча спорттук мекемелер арбын салынууда. Айрыкча спортчуларга ар тараптуу колдоолор көрсөтүлүп, ал эми улан-кыздарыбыз жеңиштери менен калкыбызга дем-күч берүүдө», – деди ал.

Ошондой эле төрага спорт залга керектүү шаймандарды алууга жардам катары 200 миң сомдук сертификатты тапшырды.

Мурунку макалаАкылбек Жапаров эки күндүк иш сапары менен Россияга барат
Кийинки макалаТоктогул районунун акими Акылбек ТЮКЕБАЕВ: “Компьютердик томография райондун элин тейлөөдө”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз