Башкы бетке Коом Эмгек министрлиги кесиптик окууга жолдомо ала тургандардын тизмесин кеңейтти

Эмгек министрлиги кесиптик окууга жолдомо ала тургандардын тизмесин кеңейтти

0
1346

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кесиптик окутууга жолдомо алуу үчүн кайрылгандардын тизмесин кеңейтти. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Ошентип, эми ишке орноштуруу кызматтары расмий катталган жумушсуздарды гана эмес, жумуш издеген жарандарды да кесиптик окутууга, кайра окутууга жана квалификациясын жогорулатууга көмөк көрсөтөт.

Министрлик кесиптик окутууга, кайра окутууга, квалификациясын жогорулатууга жана акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга орноштурууга жолдомо алуу үчүн кайрылууга укугу барлардын тизмесин кеңейтти.

Азыр алардын катарына бала багуу боюнча өргүүдө жүргөндөр (эркектер үчүн 63 жашка чыга элек жарандар, аялдар үчүн 58 жаш), окуу жайларда күндүзгү бөлүмдө окуган жаштар, ошондой эле 5 сотыктан ашык жер участогу бар жарандар кирет.

Акы төлөнүүчү коомдук иштер аркылуу алыскы райондордун жумушсуз калкын 10 айлык мөөнөткө тейлөө үчүн агенттерди жалдоого болот.

 

Мурунку макалаСадыр Жапаров иш сапар менен Казакстанга жөнөп кетти
Кийинки макалаСадыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз