Башкы бетке Рубрикасы жок Асел Чынбаева: «Биз балдар үчүн коопсуз шарттарды түзүшүбүз керек»

Асел Чынбаева: «Биз балдар үчүн коопсуз шарттарды түзүшүбүз керек»

0
530

БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин жыйынтыктоочу сунуштарын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын долбоорун жыйынтыктоо боюнча жумушчу консультациялык кеңешме өттү.

Министрлер Кабинетинен билдиришкендей, иш-чара ЮНИСЕФтин колдоосу менен КР Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган.

Жыйынга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коом уюмдарынын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышты. Негизги максат – Кыргызстанда балдардын укуктарын коргоого комплекстүү мамилени камсыз кылуу жана БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин сунуштарын ишке ашыруу боюнча конкреттүү кадамдарды иштеп чыгуу.

«Биз балдардын өнүгүүсү үчүн алардын үнү угулган жана эске алынган коопсуз жана колдоочу чөйрөнү түзүшүбүз керек», — деп баса белгиледи КР Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин рекомендацияларынын негизги аспектилерин талкуулашты, анын ичинде балдардын укуктарын коргоону күчөтүү, билим берүү жана социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле мониторинг жүргүзүү механизмдерин өркүндөтүү жана балдардын укуктарын ишке ашырууга баа берүү.

 

Мурунку макалаКыргызстандын ТИМ башчысы БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү
Кийинки макалаКыргыз эл жазуучусу Мелис Абакировго эстелик тургузулду

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз