Башкы бетке Рубрикасы жок Садыр Жапаров иш сапар менен Казакстанга жөнөп кетти

Садыр Жапаров иш сапар менен Казакстанга жөнөп кетти

0
1391

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда, Шанхай Кызматташтык Уюмунун Мамлекет башчыларынын кеңешинин (ШКУ МБК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Казакстанга жөнөп кетти.

4-июлда өтө турган ШКУ МБК жыйынында катышуучу өлкөлөрдүн лидерлери уюмдун форматында көп тараптуу жана көп вектордуу кызматташуунун маанилүү маселелерин, ошондой эле регионалдык жана эл аралык саясатты талкуулашат.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров ШКУ саммитинин талааларында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин жана Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Расмий делегациянын курамындагылар:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев;

— президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев;

— тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси, Кыргызстандан ШКУнун улуттук координатору Казыбек Кочконов.

Мурунку макалаКараколдо мыйзамсыз иштеген диний мекеме жабылды
Кийинки макалаЭмгек министрлиги кесиптик окууга жолдомо ала тургандардын тизмесин кеңейтти

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз