Башкы бетке Коом Борбор калаада троллейбус линияларынын 70%ынын мөөнөтү бүттү

Борбор калаада троллейбус линияларынын 70%ынын мөөнөтү бүттү

0
1161

Бүгүн Бишкек мэри Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарга троллейбустардын саны эмне үчүн азаярын түшүндүрдү.

Айбек Жунушалиев троллейбустук линиялардын 70%ынын эксплуатациялоо мөөнөтү өтүп кеткенин, аны жаңылоо кымбатка турарын ( 1 метр чубалгы 8 доллар турат) айтты.

Андыктан калаа бийлиги троллейбустардын санын азайтып, шаарда чоң айлампа троллейбустук линияны калтырууну пландоодо (Ч.Айтматов проспекти, Ахунбаев, Курманжан Датка көч., Жибек Жолу проспекти).

“Калган жолдордон бардык линияларды жана тирөөчтөрдү демонтаждап, жол жээгиндеги электр жана интернет чубалгыларын жер алды менен кое беребиз. Жыйынтыгында көчөлөрдө самсаалап илинген чубалгылар болбойт”, — деди мэр.

Учурда Бишкекте жалпысынан 152 троллейбус бар, анан 100ү Ош шаарына берилет. Троллейбустар электробустарга алмаштырылат.

Мурунку макалаЖалал-Абадда мамлекетке кайтарылган 22 гектар жерге 10 ипотекалык үй курулуп жатат
Кийинки макалаУлуттук адабиятка мамлекеттик камкордук

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз