Башкы бетке Коом Чынбаева КМШга мүчө мамлекеттердин Балдар укуктары боюнча отурумуна катышты

Чынбаева КМШга мүчө мамлекеттердин Балдар укуктары боюнча отурумуна катышты

0
1115

Кыргызстандын балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева КМШга мүчө-мамлекеттердин Балдардын укуктары боюнча комиссарларынын үчүнчү отурумуна катышты.

Иш-чара Россиянын Москва шаарында өттү. Жыйындын жүрүшүндө Асел Чынбаева «Жашы жете электердин киберкоопсуздугунун абалы, Кыргыз Республикасынын мектеп-интернатында балдарды тарбиялоо жана окутуу» темасында баяндама жасады.

Жыйындын жүрүшүндө КМШга мүчө-мамлекеттерде балдардын укуктарын коргоо боюнча иш-чараларды жана аракеттерди координациялоодо, тажрыйба алмашууда Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуулар комиссиясынын ишинин маанилүүлүгү белгиленди. Катышуучулар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын укуктарын, балдардын коопсуздугун камсыз кылуунун артыкчылыктуу багыты катары, анын ичинде зордук-зомбулуктан коргоо, ошондой эле ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдарды жарандык мамлекеттерге кайтаруу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле эмгек мигранттарынын балдарынын билимге, медицинага ж.б. укуктарынын корголушуна мониторинг жүргүзүү маселелери көтөрүлдү.

 

Мурунку макалаА.Жапаров: «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу мамлекеттин тышкы карызын көбөйтпөйт»
Кийинки макалаБишкек эски көрнөк-жарнактардан арылууда

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз