Башкы бетке Илим Кыргызстан — Малайзия футбол беттеши тең чыгуу менен аяктады

Кыргызстан — Малайзия футбол беттеши тең чыгуу менен аяктады

0
1071

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстан – Малайзия футбол беттеши болуп өттү.

Оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

Кыргызстан үчүн алгачкы голду 24-мүнөттө Гүлжигит Алыкулов киргизди. Тилекке каршы 38-мүнөттө Кыргызстандын дарбазасына автогол кирип, эсеп теңелди.

Беттешке 15 миңге жакын күйөрман кыргыз футболчуларын сүрөөгө келишти.

Белгилей кетсек, аталган беттеш 2026-жылкы дүйнө чемпионатына жана 2027-жылы өтчү Азия кубогуна тандоо турниринин алкагында өттү.

Беттештин калыстар тобун иорданиялык калыс Адхам Мухаммад башкарып, башкы калыска каптал сызыктарда анын мекендештери Мухаммад Мустафа жана Ахмад Муанесс жардам берди. Ал эми оюндун резервдик калысы ливандык Реда Али болду.

Мурунку макалаА.Жапаров Түрк дүйнөсүнүн ортопедия жана травматология конгрессине катышты
Кийинки макалаСадыр Жапаров футбол боюнча улуттук курама команданы колдоого барды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз