Башкы бетке Президент Айыл чарба каттоосуна 278 млн. сом бөлүндү

Айыл чарба каттоосуна 278 млн. сом бөлүндү

0
175
Министрлер кабинети 2025-жылда боло турган айыл чарба каттоосуна 278 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
“Министрлер кабинети каттоону өткөрүүгө 278 миллион сом бөлгөн, анын 87,8 пайызы (243,9 млн сом) кызматкерлердин маянасына жана социалдык фонд төлөмдөрүнө жумшалат. Каттоо иштерине 6,8 миңден ашык кызматкер тартылат. Бирок толук масштабдуу иш-чараларды ишке ашыруу үчүн кошумча каржылоо зарыл. Ошондуктан эл аралык өнөктөштөр менен иштер жүрүүдө. Мисалы, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму 30 миң доллар бөлүүгө даяр”, — деп айтылат маалыматта.
Маалыматка ылайык, Ысык-Ата жана Араван райондорунда сынамык айыл чарба каттоосу аяктады.
Мурунку макалаАк илбирс – кайраттуулуктун жана чыдамкайлуулуктун символу
Кийинки макалаУчак кырсыгына кабылган бир кыргызстандыктын абалы оор деп бааланды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз