Башкы бетке Коом Бишкекте мыйзамсыз орнотулган жарнама такталары алынды

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган жарнама такталары алынды

0
1008

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган жарнама такталары алынды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Мэриянын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын адистери «Бишкекбашкыархитектура», «Тазалык» муниципалдык ишканаларынын жана Октябрь акимчилигинин кызматкерлери менен биргеликте Ахунбаев көчөсүн бойлой Чыңгыз Айтматов проспектисинен Байтик баатыр көчөсүнө чейин рейд өткөрдү.

Рейддин жүрүшүндө 84 жарнама конструкциясы, 4 терминал алынып, 9 протокол түзүлдү. Ошондой эле рейд учурунда Байтик баатыр көчөсүнүн кеңейишине жол бербеген объектилер текшерилди.

Мурунку макалаБишкекте дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси курула баштады
Кийинки макалаПрезидент футбол боюнча улуттук курама командага автобус белек кылды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз