Башкы бетке Коом Баткенде 480 млн. сомго курулган канал пайдаланууга берилди

Баткенде 480 млн. сомго курулган канал пайдаланууга берилди

0
2861

Бүгүн Баткен районундагы Р-4 суу каналы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев каналдын ачылышында сөз сүйлөп, ирригация өлкөнүн эң негизги приоритеттүү тармагы экенин белгиледи. Ошондой эле ал президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ирригацияны өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын алкагында учурда бир топ алгылыктуу иштер аткарылып жатканын айтты.

Белгиленгендей, объектинин курулуш иштери Кытайдын 480 млн. сомдук грантынын эсебинен ишке ашырылды. Долбоор боюнча жалпы узундугу 46,2 км канал курулду, анын ичинен 16,3 чакырымы магистралдык, 29,9 чакырымы ички чарбалык канал болуп саналат.

Натыйжада 1500 га жаңы сугат жерлер ѳздѳштүрүлүп, 1543 га сугат жерди суу менен камсыздоо жакшырды. Мындан сырткары, 28,5 га жер аянтына тамчылатып суугаруу системасы орнотулду. Каналдын курулушу менен Баткен районунун Дара, Кара-Бак айыл өкмөттөрүнүн жана Баткен шаарынын 30 миңге жакын тургуну сугат суу менен камсыздалды.

Мурунку макалаМузыканын күчү (этюддар)
Кийинки макалаА.Жапаров Ошто таштанды сорттоочу станциянын жаңы имараты менен таанышты

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз