Башкы бетке Рубрикасы жок А.Жапаров Ошто таштанды сорттоочу станциянын жаңы имараты менен таанышты

А.Жапаров Ошто таштанды сорттоочу станциянын жаңы имараты менен таанышты

0
2828

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусунан жасаган иш сапарынын алкагында, Ош шаарындагы таштандыларды сорттоочу станция менен таанышты.

Долбоор эки этап менен ишке ашырылууда. Биринчи этапта катуу тиричилик калдыктарын иргөөчү станцияны куруу каралган. Аталган станциянын курулушу аяктап, экинчи этапта терең кайра иштетүүчү экотехнопаркын түзүү каралган.

Катуу тиричилик калдыктарын сорттоо жана кайра иштетүү станциясы ачылгандан кийин мындан ары көбөйтүү менен 80ден ашык жумушчу орун түзүлөт.

Ошондой эле, Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Ош шаарынын жаңы муниципалдык күрөш залын көрүп чыкты.

Республикалык бюджеттин эсебинен курулган муниципалдык күрөш залында спортчулар үчүн бардык керектүү шарттар түзүлүп, машыгуу жана спорттук мелдештерди өткөрүү үчүн зарыл болгон жабдуулар, коммуналдык жайлар менен камсыздалган.

Мындан тышкары Министрлер Кабинетинини башчысы Ош шаарындагы “Дельфин” жаш өспүрүмдөрдүн дене-тарбия клубунун базасында курула турган жабык бассейн жана фитнес борборунун долбоору менен таанышты.

Мурунку макалаБаткенде 480 млн. сомго курулган канал пайдаланууга берилди
Кийинки макалаБитик. Таш тамга

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз