Башкы бетке Рубрикасы жок Мамлекеттик мүлк 36 жылга акысынан бошотуу менен ижарага берилген

Мамлекеттик мүлк 36 жылга акысынан бошотуу менен ижарага берилген

0
401

Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын жалпы аянты 173,4 кведрат метр түзгөн мамлекеттик мүлктү 36 жылга ижара акысынан бошотуу менен колдонууга беришкен кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Ноокен районунун мамлекеттик администрациясынын жооптуу кызмат адамдары мамлекеттик мүлккө бүгүнкү күндө ижарачы тарабынан бир сом төлөнбөй коомдук ашкана катарында бекер пайдаланылып келингендиги аныкталган. Натыйжада мамлекетке 1 миллион 441 миң 846 сом зыян келтирилген.

Жогорудагы факты боюнча прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголуп, анын тергөөсү УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына тапшырылып, кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Мурунку макалаКара-Сууда инвесторлор жылына 50 млн кыш чыгарууга жөндөмдүү завод курууда
Кийинки макалаАкылбек Жапаров Улуу Британиянын элчисин жана BCG компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз