Башкы бетке Дүйнө Өзбекстандан Кыргызстанга эл аралык автобус каттамдары жүрө баштайт

Өзбекстандан Кыргызстанга эл аралык автобус каттамдары жүрө баштайт

0
25

Өзбекстан Борбор Азиянын бир катар өлкөлөрүн, анын ичинде Кыргызстанды да камтый турган жаңы эл аралык автобус каттамдары ачылганын билдирди. Бул тууралуу Podrobno.uz жазып чыкты.

Тагырагы, Өзбекстандан Кыргызстан багытында Анжиян — Ош, Анжиян — Жалал-Абад, Анжиян — Арсланбоб, Касансай — Жалал-Абад, Бухара — Бишкек каттамдары жолго коюлат.

Ошондой эле Казакстанга — Бухара — Түркстан, Ургенч — Актау, Фергана — Алматы (Тажикстан аркылуу), Тажикстанга — Самарканд — Душанбе, Бухара — Душанбе, Россияга — Сурхандарья — Бухара — Ургенч — Нукус — Москва, Ургенч — Нукус — Уфа, Нукус — Краснодар, Ташкент — Уфа, Ташкент — Краснодар жана Кытайга — Нукус — Ургенч — Бухара — Үрүмчү багыттары боюнча жаңы каттамдарды уюштуруу пландаштырылууда.

 

Мурунку макалаБеш жылдыздуу “Хан-Теңири” мейманканасы куруу үчүн Ысык-Көлдөн жер берилди
Кийинки макалаМинистрлик “Сапаттын” мугалимдери мурдагыдай эле иштей берерин билдирди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз