Башкы бетке Коом Министрлик “Сапаттын” мугалимдери мурдагыдай эле иштей берерин билдирди

Министрлик “Сапаттын” мугалимдери мурдагыдай эле иштей берерин билдирди

0
58

Билим берүү жана илим министрлиги “Сапат” билим берүү мекемесинин Түркиянын “Маариф” фондуна өткөнү тууралуу комментарий берип, “Сапаттын” тарбиячылары, мугалимдери мурдагыдай эле иштей берерин билдирди. Мекеме андан тышкары, окуучулар жана студенттер билим берүү уюмдары менен буга чейин түзүлгөн келишимдердин негизинде билим алуусун улантарын кошумчалады.

“Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги аталган фонддун өкүлдөрү менен жолугуп, “Сапат” билим берүү мекемелер тармагында билим берүүнүн сапатын азыркы деңгээлинен түшүрбөө, колдон келсе, азыркыдан да жогору деңгээлге чыгаруу керектигин баса белгиледи”, — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемеси Түркиянын “Маариф” фондуна өткөнү 31-декабрда белгилүү болгон.

Мурунку макалаӨзбекстандан Кыргызстанга эл аралык автобус каттамдары жүрө баштайт
Кийинки макала«Учур» жаштар театрына жаңы директор дайындалды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз