Башкы бетке Рубрикасы жок Акылбек Жапаров иш сапары менен Беларусияга барат

Акылбек Жапаров иш сапары менен Беларусияга барат

0
1075

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров  3-4-июнда иш сапары менен Беларусь Республикасына барат.

Жумуш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Мындан тышкары, “Евразия экономикалык бирлигинин азык-түлүк коопсуздугу” пленардык сессиясына катышуу жана “Белагро-2024” эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнө баруу пландаштырылган.

ЕӨАКнин кезектеги отурумунда 10дон ашык маселе каралат, анын ичинде Евразия өнүктүрүү банкынын инвестициялык ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу жолу менен ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосунда соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө көмөктөшүүсү, трансчек аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жана аларда атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузууларга бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын жылдык отчету, 2023-жыл үчүн.

Мурунку макалаКыргыз улуттук консерваториясына – 30 жыл
Кийинки макалаТөрага Нурланбек Шакиев ЖККУ ПАнын жыйынына катышат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз