Башкы бетке Министрлер кабинети 27 жаштагы келинди эки баласы менен өлтүргөн шектүү кармоо учурунда жок кылынды

27 жаштагы келинди эки баласы менен өлтүргөн шектүү кармоо учурунда жок кылынды

0
1215

Таластын Ак-Башат айылында 1997-жылы туулган келиндин жана эки баласынын күч колдонуп өлтүрүлгөн жансыз денелери табылган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Кызы 4 жашта, ал эми баласы 2,5 жашта экени айтылды. Милиция далил катары ок атуучу курал жана балта тапкан. Кылмышка шектелип ошол эле айылдын 48 жаштагы тургуну издөөгө алынган. Шектүү кармоо учурунда жок кылынган. Ал буга чейин да киши өлтүрүүгө аракет кылган деген берене менен соттолгон. ЖМКлар ал келиндин кайнагасы экенин жазышууда.

Мурунку макалаАкылбек Жапаров иш сапары менен Түркмөнстанга учуп кетти
Кийинки макала«Алтынкен» компаниясынын ишмердүүлүгү оң бааланды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз