Башкы бетке Экономика Кыргызстанга биринчи жарым жылдыкта кирген инвестициялардын көлөмү $462 млн долларды түздү

Кыргызстанга биринчи жарым жылдыкта кирген инвестициялардын көлөмү $462 млн долларды түздү

0
503

2024-жылдын биринчи жарымында Кыргызстанга кирген инвестициялардын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,7%га көбөйүп, жалпы көрсөткүч 462,2 млн долларга жетти. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттигинин директору Талантбек Иманов билдирди.

Кыргызстанга инвестициялардын келүүсү боюнча КМШдан тышкаркы өлкөлөр басымдуулук кылып, анын көлөмү 150,6 млн долларды түздү. Негизги инвестициялар Кытай, Түркия жана Нидерландия сыяктуу узак мөөнөттүү долбоорлорго жана стратегиялык өнөктөштүккө активдүү кызыккан өлкөлөрдөн келди.

Ошондой эле КМШ өлкөлөрү инвестициянын 181,8 млн доллар агымын камсыздап, бул өткөн жылга салыштырмалуу 37,5%га көп. КМШ өлкөлөрүнүн арасында Кыргызстан менен тыгыз экономикалык байланышта болгон Россия мамлекети лидерлик кылганы белгиленди.

Мурунку макалаНарындагы үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө 3 бөлмөлүү батир берилди
Кийинки макалаМинКаб башчысы Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча директору менен жолугушту

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз