Башкы бетке Рубрикасы жок Нарындагы үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө 3 бөлмөлүү батир берилди

Нарындагы үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө 3 бөлмөлүү батир берилди

0
518

Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облусунда төрөлгөн 3 эмдин үй-бүлөсүнө үч бөлмөлүү батир тапшырды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Ташиев Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүнө барып, үч эмдин ата-энеси Эрбол Карагулов жана Алтынай Майрамбековага өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атынан 500 миң сом акчалай белек жана Нарын шаарынан 3 бөлмөлүү жаңы батирдин тийиштүү документтерин тапшырды.

Үч эмге Ажар, Саадат, Анара деген ысымдар ыйгарылган.

24 жаштагы Алтынай Майрамбекованын жана анын ымыркайларынын абалы учурда туруктуу экени айтылып, Ташиев аларга бардык керектүү шарттар түзүлөөрүн белгиледи. Ошондой эле, наристелердин саламаттыгын көзөмөлгө алууну жана аталган үй- бүлөдөн кабар алып турууну тийиштүү тараптарга тапшырды.

Өз кезегинде 3 эмдин ата-энеси президент Садыр Жапаровго жана Камчыбек Ташиевге ыраазычылыгын билдиришти.

Мурунку макалаКыргызстанда бир жумада 16 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды
Кийинки макалаКыргызстанга биринчи жарым жылдыкта кирген инвестициялардын көлөмү $462 млн долларды түздү

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз