Башкы бетке Коом Кыргызстан менен Канаданын парламенттер аралык кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси талкууланды

Кыргызстан менен Канаданын парламенттер аралык кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси талкууланды

0
1605

Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчиси Бакыт Аманбаев Канада парламентинин спикери Грег Фергус менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуу учурунда тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана келечекте биргелешкен иш-чараларды уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Элчи Аманбаев соңку жылдары президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстанда мамлекеттин коопсуздугун чыңдоо, регионалдык кызматташтыкты кеңейтүү жана өлкөнүн социалдык-экономикалык тармагын өнүктүрүү багытында аткарылган иш чаралар тууралуу кеңири маалымат берди.

Элчи ошондой эле келечекте эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо максатында Канада парламентинде Кыргыз-Канада достук тобун түзүүнү сунуштады.

Канада парламентинин спикери парламенттер аралык кызматташтыкты активдүү өнүктүрүүнү ар тараптуу колдой тургандыгын билдирди. Ошондой эле ал тиешелүү кызматкерлерине бул багытта биргелешкен иш чараларды алып барууну тапшырды.

Мындан тышкары, тараптар регионалдык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты.

Мурунку макалаКонтрабандалык дары-дармектерди саткан жаран кармалды
Кийинки макалаКучагын жайган 50 жылдык жолугушуу

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз