Башкы бетке Рубрикасы жок Садыр Жапаров АКШ сенатору Стив Дэйнсти кабыл алды

Садыр Жапаров АКШ сенатору Стив Дэйнсти кабыл алды

0
832

Президент Садыр Жапаров 28-мартта өлкөгө иш сапары менен келген АКШнын сенатору (Монтана штатынан) Стив Дэйнсти кабыл алды.

Сенатор менен салам алышкандан кийин Мамлекет башчы Америка Кошмо Штаттары менен саясий диалогду өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын белгиледи.

Садыр Жапаров сенатордун Кыргызстанга жасаган сапары ийгиликтүү болуп, эки өлкө менен элдердин ортосундагы мамилелерди мындан ары бекемдөөгө көмөктөшөт деген ишенимин билдирди.

Көп тараптуу форматтагы кызматташтык тууралуу айтып жатып, ал Борбор Азия менен АКШнын ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жалпы кызыкчылык экенин белгиледи. Ушуга байланыштуу, Кыргызстан “C5+1” (Борбор Азия + АКШ) регионалдык диалог аянтчасынын ишине активдүү катышууну улантат.

Өз кезегинде АКШ сенатору Стив Дэйнс Мамлекет башчысына Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы өнөктөштүк маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосунда көп пландуу диалогду улантууну жактай тургандыктарын тастыкташты.

Мурунку макала“Заманбап унаа бул – чоңойтулган смартфон”
Кийинки макалаШайирбек СУЛАЙМАНОВ: «Кыргызстанда бөйрөктү алмаштыруу акысыз жасалууда”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз