Башкы бетке Рубрикасы жок Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи өттү

Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи өттү

0
1819

Бүгүн, 19-апрелде, Астана шаарында Кыргызcтан менен Казакстандын президенттери Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

“Акорда” президенттик сарайында Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, Ардак кароол тизилген.

Мамлекет башчылар бири-бири менен учурашкандан кийин өздөрүнүн расмий делегацияларын тааныштырып, Ардак кароолдун ротасынын командиринин рапортун кабыл алышты.

Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик гимндери жаңырдан соң, өлкө лидерлери тизилген катардын алдынан өтүштү.

Биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкө башчылары чакан форматтагы сүйлөшүү залына өтүштү.

Мурунку макала“Жашыл шаар иш-аракеттер планы” долбоорунун бет ачары өттү
Кийинки макалаӨлкө башчылар тар курамдагы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз