Башкы бетке Экономика Экономика министринин орун басары Астанада TIFA`нын отурумуна катышты

Экономика министринин орун басары Астанада TIFA`нын отурумуна катышты

0
902

Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев Борбордук Азия жана АКШнын Соода жана инвестициялар боюнча алкактык макулдашуу кеңешинин (TIFA) 15-отурумуна катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, отурум Астана шаарында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана АКШ делегацияларынын катышуусунда өттү.

Жыйындын жүрүшүндө жумушчу топтордун отчеттору менен соода жана инвестициялар боюнча аймактык артыкчылыктары каралды.

Тараптар соода үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жана потенциалды кеңейтүү үчүн олуттуу прогресске жетишүүдө TIFA`нын жумушчу топторунун маанилүүлүгүн белгилешти. Анын ичинде:

  • бажы жана чек ара жол-жоболорун шайкеш келтирүү;
  • тамак-аш азыктарынын коопсуздугу, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын ден соолугу жаатында илимий негизделген чараларды жана процесстерди кабыл алуу;
  • мамлекеттик интерфейстердин ачык, инклюзивдүү жана коопсуз санариптик инфраструктурасын өнүктүрүү;
  • интеллектуалдык менчикти коргоону жана сактоону күчөтүү;
  • аялдардын экономикалык интеграциясын стимулдаштыруу үчүн мамлекеттик-жеке диалогго көмөктөшүү жолу менен.
Мурунку макалаА.Жапаров Кара-Тоо айылындагы мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышты
Кийинки макалаЖК комитетинде Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу боюнча мыйзам долбоору каралды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз