Башкы бетке Министрлер кабинети Алматыда кыргызстандык кыз 7-кабаттан кулап каза болду

Алматыда кыргызстандык кыз 7-кабаттан кулап каза болду

0
1403

Казакстандын Алматы шаарында кыргызстандык кыз көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап каза болду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 26-июнда саат 06:50лөр чамасында болгон. Ал көп кабаттүү үйдүн 7-кабатынын терезесинен кулаган. Кыргызстандык кыз Алматы шаарына үстүбүздөгү жылы 21-майында туугандары менен барган.

Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери каза болгон кыздын туугандары менен байланышууда. Бүгүнкү күндө тиешелүү органдардан анын сөөгүн алып кетүүгө уруксат алынды.

Белгиленгендей, учурда «Жүк-200дү» Кыргызстанга жөнөтүү аракеттери көрүлүүдө.

Мурунку макалаКыргызстанда балыкты жана этти кайра иштетүүчү заводдор курулат
Кийинки макалаАзия чемпионаты: Кыргызстандын грек-рим курамасы 7 медаль жеңди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз