Башкы бетке Илим Азия чемпионаты: Кыргызстандын грек-рим курамасы 7 медаль жеңди

Азия чемпионаты: Кыргызстандын грек-рим курамасы 7 медаль жеңди

0
1435

Кыргызстандын грек-рим күрөшү (U-23) боюнча курама командасы Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында 7 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен экөө алтын, бирөө күмүш жана төртөө коло медаль:

  • Аманат Самат уулу (67 кг) жана Нурманбет Раймалы уулу (97 кг) — алтын;
  • Артык Орозбеков 130 кг чейинки салмакта — күмүш;
  • Акыл Сулайманов (60 кг ), Адилхан Нурланбеков (72 кг), Бекзат Орункул уулу (82 кг) жана Алибек Бердиев (77 кг) — коло медаль.

Курама команда улук машыктыруучу Рыскул Эгеевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышууда.

Мурунку макалаАлматыда кыргызстандык кыз 7-кабаттан кулап каза болду
Кийинки макалаАлмазбек АКМАТОВ: “87 адам тартиптик жоопкерчиликке тартылып, 31 адам кызматынан бошотулган”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз