Башкы бетке Коом «Ала-Арчага» көчөттөр отургузулду

«Ала-Арчага» көчөттөр отургузулду

0
1689

«Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында «жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында көчөт отургузуу иштери жүргүзүлдү.

Иш-чара Токой кызматы, AFoCO жана токой чарба секторундагы 14 өлкөнүн өкүлдөрү менен (Бутан, Бруней-Даруссалам, Камбоджа, Кыргызстан, Индонезия, Казакстан, Лаос ПДР, Монголия, Мьянма, Филиппин, Корея, Таиланд, Тимор-Лесте, Вьетнам, Малайзия жана Сингапурменен) биргеликте өткөрүлдү.

Анда 40 даана – тянь-шань карагайынын, 30 даана – арча, 30 даана – кайың көчөтү отургузулду.

AFoCO КР президенти Садыр Жапаровдун «Жашыл мурас» улуттук кампаниясын өткөрүү боюнча демилгесин колдойт.

Белгиленгендей, «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагына көчөттөрдү отургузуу бул уникалдуу жердин биологиялык ар түрдүүлүгүн жана кооздугун сактап калууга гана жардам бербестен, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө жана айлана-чөйрөнүн сапатын жакшыртууда маанилүү кадам болуп саналат.

Мурунку макалаА.Жапаров ири инвестициялык компаниялардын өкүлдөрүн Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды
Кийинки макалаАзия өнүктүрүү банкынын президенти ноябрда Кыргызстанга келет

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз