Башкы бетке Рубрикасы жок А.Жапаров ири инвестициялык компаниялардын өкүлдөрүн Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды

А.Жапаров ири инвестициялык компаниялардын өкүлдөрүн Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды

0
1631

Ишкердик мамилелерди чыңдоо жана өлкөбүздүн экономикасына инвестицияларды тартуу максатында, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Вашингтонго (АКШ) болгон жумуш сапарынын алкагында, ири инвестициялык компаниялардын өкүлдөрү менен эрте мененки бизнес-тамакка катышты.

Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуу өлкөбүздүн экономикасын жана инфраструктурасын өнүктүрүүгө кызыкдар болгон каржы рыногунун негизги оюнчуларын жана топ-менеджерлерин чогултту.

Эртең мененки тамак учурунда экономиканын түрдүү тармактарына инвестиция тартуунун келечеги, ошондой эле бизнес менен өкмөттүн кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы инвесторлорго өлкөбүзгө кызыкдар болгондугу үчүн ыраазычылык билдирип, жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө даяр экендигин белгиледи. Ал ошондой эле жалпы өнүгүү максаттарына жетүү үчүн бизнес менен өкмөттүн ортосундагы узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн кошумчалады.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенерин, инвесторлорду үстүбүздөгү жылдын июнь айында Вена шаарында Кыргыз Республикасы тарабынан уюштурула турган форумга катышууга чакырды, мындан тышкары Акылбек Жапаров жолугушуунун катышуучуларын иш сапары менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Мурунку макалаА.Жапаров Franklin and Templeton инвестициялык компаниясынын директору менен жолукту
Кийинки макала«Ала-Арчага» көчөттөр отургузулду

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз