Башкы бетке Рубрикасы жок А.Жапаров Franklin and Templeton инвестициялык компаниясынын директору менен жолукту

А.Жапаров Franklin and Templeton инвестициялык компаниясынын директору менен жолукту

0
1613

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Вашингтон шаарына (АКШ) болгон жумуш сапарынын алкагында Franklin and Templeton инвестициялык компаниясынын башкы директору Дженнифер Морроу Джонсон менен жолукту.

Жолугушууда мындан аркы кызматташуу пландары талкууланып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конкреттүү кадамдар макулдашылды.

Компаниянын башкы директору Кыргызстан менен узак мөөнөттүү кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Маалымат үчүн: 1947-жылы негизделген Franklin Templeton Investments инвестициялык компаниясы дүйнөдөгү эң ири инвестициялык компаниялардын бири.

Компаниянын жылдык жүгүртүүсү 1,4 триллион долларын түзөт, ал дүйнө жүзү боюнча жеке инвесторлор, институционалдык кардарлар жана мамлекеттик мекемелер үчүн портфелдердин активдерин башкарат.

Мурунку макалаБишкекте ысык суу 22-апрелден тарта өчүрүлөт
Кийинки макалаА.Жапаров ири инвестициялык компаниялардын өкүлдөрүн Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз