Башкы бетке Коом Бишкекте ири геологиялык форум өтөт

Бишкекте ири геологиялык форум өтөт

0
1650

Бишкекте 19-20-июнь күндөрү «MINEX — Борбор Азия» аталышындагы ири геологиялык форум өтөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Форумдун башкы темасы — “Борбор Азиядагы тоо-кен тармагын туруктуу өнүктүрүүнүн келечеги жана сценарийлери” болмокчу.

Аянтча бир катар геологиялык маанилүү маселерди талкуулоого жана өз ара пикир алмашууга мүмкүндүк берет.

Алсак презентациялар жасалып, минералдык-чийки зат ресурстарын өнүктүрүүгө, жашыл энергетиканы калыптандырууга жана өнөр жай инфраструктурасын модернизациялоого инвестицияларды жана технологияларды тартуунун келечеги тууралуу талкуулар уюштурулат.

Форумга Борбор Азиянын, Европанын, Кытайдын, Түндүк Американын жана Жакынкы Чыгыштын 30 өлкөсүнүн компаниялары жана уюмдары катышуусу күтүлүүдө.

Буга чейин MINEX форуму 2018-жылы Казакстанда өткөн.

Мурунку макалаА.Жапаров Корумду – Балбай жолунун курулушунун башталышы менен таанышты
Кийинки макалаСокулуктагы жерлерди мыйзамсыз сатып жүргөндөр кармалды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз