Башкы бетке Рубрикасы жок Баткен электр тармактар ишканасында 2 жаңы имарат курулууда

Баткен электр тармактар ишканасында 2 жаңы имарат курулууда

0
1526

Учурда Баткен электр тармактар ишканасынын жана Сүлүктү райондук электр тармактар ишканасынын административтик имаратынын курулушу жүрүүдө.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, курулуш иштер 60 пайызга аяктап калды, имарат 2024-жылдын күз айларына чейин пайдаланууга берүүсү күтүлүүдө. Мында кызматкерлердин иштөөсү үчүн бардык шарттар пландалган.

Белгилей кетсек, Баткен электр тармактар ишканасынын имараты жок болгондуктан Баткен райондук электр тармактар ишканасынын имаратында жайгашып турат. Ал эми Сүлүктү райондук электр тармактар ишканасынын имараты эскилиги жеткен. Курулуштар «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК тарабынан каржыланууда.

 

 
Мурунку макала«Жамийла» биринчи улуттук мюзиклинин бет ачары өтөт
Кийинки макалаК.Ташиев: «Ороктогу футбол стадиону эл аралык стандартка ылайык курулууда»

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз