Башкы бетке Дүйнө Бириккен Араб Эмиратында жеңил учак кулап, эки адам каза тапты

Бириккен Араб Эмиратында жеңил учак кулап, эки адам каза тапты

0
69

Бириккен Араб Эмиратында Аль-Жазира компаниясынын жеңил учагы Рас эль-Хайма шаарынын жээгине кулап, учкуч жана анын шериги набыт болду. Бул тууралуу Бул тууралуу РИА Новости WAM агенттигине таянуу менен билдирди.

WAM агенттиги Бириккен Араб Эмиратынын Жарандык авиациянын башкы башкармалыгына шилтеме берүү менен белгилегендей, учурда компетенттүү органдар окуянын себептерин иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

«Жарандык авиация башкармалыгы курман болгондордун жакындарына көңүл айтты»,-деп айтылат маалыматта.

 

Мурунку макалаБишкекте автобустар үчүн атайын тилкелер чийилип баштады
Кийинки макалаНарында таштандыны кайра иштетүүчү ишкана ачылды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз