Башкы бетке Коом «Чакан ГЭС» ААК күз-кыш мезгилине 97 пайызга даяр

«Чакан ГЭС» ААК күз-кыш мезгилине 97 пайызга даяр

0
506

«Чакан ГЭС» ААКнын 2024-2025-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата бекиттилген план боюнча жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө белгиленген иш-чаралардын 97 пайызга аткарылды. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.

Компания боюнча 318 иш-чара пландалып, алардын 308 пункту аткарылды. Даярдык көрүү алкагында төмөнкү иштер аяктады:

  • Техникалардын баары техникалык тейлөөдөн өткөрүлүп, кышка даярдалды (жазгы дөңгөлөктөр кышкысына алмаштырылып, жылыткычтар оңдолду).
  • Керектүү жабдуулардын, материалдардын жана запастык тетиктердин авариялык запасы топтолду.
  • Бардык станциялар жана ачык бөлүштүрүүчү тутумдар толук оңдоо жана алдын алуу иштеринен өттү.
  • Күз-кыш мезгилине карата пландалган оңдоо жана даярдык иштери толук аяктады. Быстровка ГЭСинин №3 жана МАГЭСтин №2 гидроагрегаттарынын капиталдык оңдоолору аяктады. Лебединовка ГЭСинин №1 гидроагрегатынын капиталдык оңдоосу акыркы стадияда.
  • Компаниянын бардык кызматкерлери атайын кийимдер менен 100% камсыздалды.

«Чакан ГЭС» ААКнын күз-кыш мезгилине карата даярдыгы бекитилген план боюнча улантылууда, бул төмөнкү температура шартында станциялардын туруктуу жана ишенимдүү иштөөсүн камсыздоого өбөлгө түзөт.

Мурунку макалаДыйкан-фермерлерге 4,1 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди
Кийинки макалаДайырбек Орунбеков: «Мамлекет тонолуп жатса, мындай көрсөткүчтөргө жетет белек?.»

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз