Сөз чынынан бузулбайт демекчи, акыркы 30 жыл ичинде Кыргызстандын авиация тармагы заман талабына жараша өнүгө албай, ата-мекендик учактардын жарымы жараксыз абалга келген. Эл аралык аэропортторубузда учактар жаңыланып, учуу тилкелери оңдолбогондуктан Европа биримдиги Кыргызстан авиациясын кара тизмеге да киргизген. Аба транспортунун көз каранды абалга кептелишинен улам коомчулукта кыргыз авиациясынын келечеги жок дегендей пессимисттик маанай жаралган. Бактыга жараша, 2022-жылы 7-майда Президент Садыр Жапаровдун “Каракол” эл аралык аэропортунун аэровокзалынын курулушун баштап жатып “2026-жылга чейин Улуттук өнүгүү программасынын алкагында аэропорттордун инфраструктурасы жакшырат жана өлкө боюнча ички авиакаттамдар калыбына келтирилет” дегени элдин үмүтүн кайра жандырган. Ошентсе да элдин көбү облустар арасында авиакаттамдар болоруна анчейин ишенген эмес. Мамлекет башчы айткан сөзүнө туруп эки жыл ичинде аэропортторду калыбына келтиртти.
“Каракол” аэропорту калк үчүн
Өлкө башчы эл аралык аэропорттор өлкөнүн негизги аба дарбазалары экенин баса белгилеп, аларды ар тараптуу өнүктүрүү жана колдоо мамлекеттин негизги приоритеттеринин бири экендигин баса белгилеп келет. “Кыргыз Республикасынын 2026-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасынын алкагында мен аэропорт инфраструктураларын жакшыртуу чечимин кабыл алдым. Программага “Ысык-Көл”, “Каракол”, “Нарын”, “Ош”, “Жалал-Абад” жана “Баткен” аэропорттору кирди. Кудай буюрса, өлкө боюнча ички каттамдар жана аэропоттор калыбына келтирилет. Казарман, Талас аэропоттору ишке киргизилет. Бардык чыгымдар “Манас” эл аралык аэропортунун кирешесинин эсебинен жабылат. Өткөн жылы коррупцияны кыскартуу менен мекеменин таза кирешеси 4 млрд. сом болду. Эми биздин жарандар бир облустан экинчи облуска тез жана ыңгайлуу шартта жете алышат. Эгер авиация тармагыбызды дүйнөлүк стандартка жеткирип, аны биздин меймандостук салтыбыз менен жуурулуштуруп алсак бул тармак өлкөнүн өнүгүүсүнө зор салым кошоруна ишенем”, –деген ал эки жыл мурун.
“Каракол” аэропортунун тарыхына токтолсок, ал 1971-жылы ачылып, 1978-жылы анын учуп-конуучу тилкеси ишке берилген жана ошондон бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Эми минтип саатына 250 жүргүнчүнү тейлей турган, жалпы аянты 8500 чарчы метрди ээлеген “Каракол” аэропорту ишке кирип отурат. Аталган аэропорт директору С. Нарбаевдин айтымында, аэропорт учурда учактарды, жүргүнчүлөрдү тейлегенге толук даяр. Демек, бул аэропорттун ишке кириши Ысык-Көл облусундагы жайкы, кышкы туризмдин өнүгүшүнө түздөн-түз таасир этет. Себеби, Бишкектен Караколго жеңил унаа менен 6 сааттык жол болсо, самолёт 30 мүнөттө жетет. А “Каракол” аэропортунан эс алуучу жайларга жетүү орточо 10-15 мүнөттүк убакытты алат. Жергиликтүү тургундар айткандай, эгер жакынкы жылдарда “Каркыра”, “Жыргалаң” лыжа базалары курулуп ишке кире турган болсо бул региондогу кышкы туризм дагы өнүгүп, бир топ жумуш орундары да түзүлөт. Ошондой эле коңшу мамлекеттерден жайкысын Ысык-Көлгө эс алуучулар агымы да арбыйт.
Ички авиакаттамдар – экономикалык фактор
Кыргызстан авиациясынын мурунку, азыркы акыбалына кайрылсак, СССР маалында ата-мекендик аба транспорту өнүгүп, эл аралык, ички авиакаттамдар үзгүлтүксүз иштеп баштаган. Эгемендүүлүктү алгандан тарта бул тармакка көңүл бурулбай, эл аралык жана ички аэропорттордун көбү иштебей калган. Алардын ичинен көзгө басар “Манас” жана Ош эл аралык аэропорттору гана ишин токтоткон эмес. Бүгүнкү күндө аба транспорт ишканаларынын эң ириси – “Манас Эл аралык аэропорту” ААКсы. Борбор Азиядагы эң чоң аэропорттордун бири болгон бул мекеме саатына 1700 адамды тейлейт. Анын курамына “Ош”, “Ысык-Көл”, “Каракол” жана “Баткен” эл аралык аэропорттору жана ички каттамдарды камсыз кылуучу “Жалал-Абад”, “Исфана”, “Караван”, “Казарман”, “Нарын” жана “Талас” аэропорттору кирет. Өткөн жылы “Манас” аэропорту жалпы 5,6 млн. жүргүнчүнү тейлесе, бул жылы улуттук авиакомпаниялар аркылуу 1,4 миллиондон ашык жүргүнчү тейлеген. Бүгүнкү күндө “Avia Traffic Company”, ”Аэро Номад”, ”TEZ JET” жана “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниялары ички жана эл аралык авиаташууну камсыздап жатат.
Эске салсак, келерки 2025-жылы Тамчыдагы “Ысык-Көл” эл аралык аэропортуна заманбап жаңы аэровокзал, Жалал-Абад облусуна эл аралык аэропорт куруу пландаштырылган. Бул ишке ашып, ички каттамдар иштей баштаса сырткы туризм менен бирге эле ички туризм өнүгөрү бышык. Себеби, акыркы жылдарда Кыргызстандын түштүк тарабындагы эл Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Талас облустарынын тарыхый жайларын, керемет жайлоолорун көрүүгө кызыкдар болушса, бул облустардын эли дагы Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарын кыдырууга ынтызар. Бул жагдайды, автоунаа кырсыктарынын көптүгүн эске алганда ички авиакаттамдар аба-суудай керек болуп турат.
Учактар келди, учкучтарды даярдайлы
Албетте, ийгилик болгон жерде кемчилик да болбой койбойт. Дегенибиз, азыр айрым эл аралык, ички авиакаттамдардын билеттери карапайым калк үчүн кымбат экени талашсыз. “Манас” эл аралык аэропорту АККсынын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновдун билдиришинче, жеке компаниялар билеттердин баасын өздөрү бекиткендиктен азырынча ага мамлекет кийлигише албай турганын айтып келет. “Бирок өзүбүздүн авиакомпаниянын ачылышы менен аймактар аралык учуулардын баасы төмөндөтүлөт. Бирок, арзандатуу акырындык менен болот, себеби, жаңы самолётторго чет өлкөлөрдөн учкучтар тартылгандыктан ага да кошумча чыгымдар болорун унутпашыбыз керек”, – дейт ал.
Ал эми Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору А. Настаевдин айтымында, Кыргызстан үчүн улуттук авиакомпания керек. “Улуттук авиакомпания түзүү үчүн биз Казакстандагыдай чет өлкөлүк адистерди чакыруу менен же болбосо өзүбүздүн кадрларды өстүрүп чыгуу менен кетишибиз керек. 30 жыл ичинде “Кыргызстан аба жолдору”, “Эйр Кыргызстан” компаниялары банкрот болду. А банкрот болуунун бирден бир себеби так ушул кадр саясаты болгон… Учкучту даярдоо үчүн жок дегенде сегиз жыл, инженерди даярдоого 6-7 жыл кетет. Андыктан жеке эле учкучтарды эле эмес, бүтүндөй жарандык авиация персоналдарын даярдоону эске алышыбыз керек”,– дейт А.Настаев. Андыктан, эгер ички каттамдардын билет баалары кымбат болсо аны убактылуу көрүнүш катары түшүнүү менен кабыл алышыбыз керек.
Кыргыз авиациясы кыйырга сапар алат
Кандай дебейли, бирок кыргыз авиация тармагын өнүктүрүү боюнча жакшы аракеттер болуп жатат. Тилекке каршы, аны да ар түркүн жоруп жибергендер жок эмес. Айтайын дегеним, Европа биримдигинин кара тизмесинен чыгуу маселеси. Айрым ЖК депутаттары, чиновниктер ушул тапта дагы Кыргызстан ал тизмеден чыгат, чыкпайт деген күдүк ойлорун ортого таштап келе жатат. Албетте, толук кандуу андай же мындай болот деп азырынча айтуу кыйын. Бирок, декабрь айынын башында “Манас” эл аралык аэропорту ААКсынын маалымат кызматы Эл аралык жарандык авиацияcы (ICAO) Кыргызстан жарандык авиациясы эл аралык коопсуздук стандарттарына шайкеш келерин аныктаганын билдирди. Тагыраак айтканда, аталган аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 85,7 балл алган. Демек, жылыш бар.
Экинчиден, жакында эле Президент Германияга болгон сапарында Airbus Europe компаниясынын башчысы Йохан Пелиссье менен жолугушту. Анда С.Жапаров акыркы жылдарда Кыргызстандын авиациялык коопсуздукту жакшыртып, эл аралык стандарттарды киргизүү жана инфраструктураны модернизациялоо аракети Европа биримдигинин чектөөлөрүнөн чыгуу мүмкүнчүлүгүн кеңейткенин билдирди. Буга улай өлкө башчы бул чектөөлөрдөн чыгуу Европага түз рейстерди ачууга шарт түзөрүн кошумчалады. Эгер бул максат ишке ашып калса, Бишкек – Париж, Бишкек – Лондон, Бишкек – Берлин авиакаттамдары ачылары да шексиз. Бул деңизге чектешпеген Кыргызстан үчүн дагы бир чоң экономикалык мүмкүнчүлүк болот. Жыл жыйынтыкталып жатканда, келерки жылы ички, сырткы авиакаттамдарда ата-мекендик рейстер көбөйсүн деп тилек кылалы.
Ички авиакаттамдар өнүгүүгө өбөлгө
Кыргызстанга жакынкы өлкөлөрдөн Өзбекстан акыркы жылдары ички авиакаттамдарды өнүктүрүүгө жакшы аракет кылып жатат. Көп жылдардан бери бул өлкөдө Ташкент – Үргөнч, Ташкент – Нукус авиакаттамдары күн сайын жүргүзүлүп келген. Билеттин баасы 2 800 сомдон башталат. Uzbekistan Airways акционердик коомунун учактары 2021-жылдан тарта Ташкенттен Термез, Бухара, Самарканд, Навои шаарларына үзгүлтүксүз каттап баштаган. Ташкенттен Термезге чейинки билет баасы 2300 сом, Ташкент – Бухара, Ташкент – Навои билеттери 1450 сом, Ташкент – Самарканд 770 сом. Бул авикаттамдар жумасына эки-үч жолудан болот жана Самарканддан республиканын башка региондоруна карапайым калктын капчыгына ылайык баада авиабилеттер сатылат. Мындан сырткары Ташкент – Фергана, Ташкент – Наманган, Ташкент – Анжиян рейстери бар. Бул авиакаттамдардын билет баасы 850 сомдун тегереги. Ошондой эле аталган авиакомпания Фергана менен Термезди байланыштырган каттам да киргизген. Самарканддан Фергана, Үргөнч, Наманган шаарларына учуунун баасы 1280 сом.
Ал эми өнүккөн Япония мамлекетинин Japan Airlines компаниясы эл аралык саякатчыларга ички каттамдарга бекер авиабилеттерди сунуштайт. Аталган компания “өлкө ичиндеги бекер учуулар чет өлкөлүктөргө Японияны терең изилдөөгө, билүүгө мүмкүнчүлүк түзөт” деген пикирди карманат. Дүйнө жүзүнүн көп өлкөлөрүнөн келген саякатчылар бул компанияны эң жакшы авиакомпания деп макташат жана анын тейлөөсү жогорку деңгээлде экенин баса белгилешет. Дүйнө өлкөлөрү боюнча эң күчтүү, эң жакшы өнүккөн делген АКШнын ички каттамдарында да тейлөө жакшы жолго коюлган. Жүргүнчүлөрдүн каалоосуна жараша бизнес класс, эконом класс жана биринчи класс менен учуу сунушталат. Билет баалары аралыкка жараша ар кандай.
Мелис Совет уулу, «Кыргыз Туусу»


