Башкы бетке Коом Ипотекалык үйлөрдүн ачкычы тапшырылат

Ипотекалык үйлөрдүн ачкычы тапшырылат

0
112

16-декабрда ипотекалык үйлөрдүн ачкычы тапшырылат. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, Мамлекеттик ипотекалык компания куруп баштаган көп кабаттуу үйлөр арты-артынан бүтүп, колдонууга берилет. Учурда өлкө аймагы боюнча 40 миңден ашык батирлүү үйлөр курулууда. Алардын баасы жеке курулуш компанияларга салыштырмалуу эки эсеге арзан.

“Мурда ипотекалык компания банктардан пайызы жогору кредит аркылуу сатып алган үйлөрдү каржылап берчү. Анда сатып алган үйдүн наркы менен насыянын пайызы кошулуп баасы эки эсе кымбатка түшчү. Президент Садыр Жапаров ипотекалык компаниянын саясатын толугу менен өзгөрттү. Элибиз сабыр кылып турса, алдынкы убактарда турак жайга болгон муктаждык чечилип кете берет”, – деди ал.

 

Мурунку макалаДенис Петрашов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
Кийинки макалаАбхазия, Армения жана Россия номуру менен жүргөн автоунааларга рейд жүрүүдө

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз