Башкы бетке Коом Жакыпбек СУБАГОЖОЕВ: «Калыбынан жазган жок»

Жакыпбек СУБАГОЖОЕВ: «Калыбынан жазган жок»

0
490

Ноокат райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Жакыпбек СУБАГОЖОЕВдин куттуктоосу.

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун  түзүлүш шарапаты менен  ал “Эркин Тоо” гезити жарыкка чыккан.  Улуттук төл гезитибиздин  жарык көрүшү үчүн жан үрөп, ага өзүнүн  болгон аракетин, күч-кубатын арнаган мекенчил ата-агаларыбыздын ысмын урматтоо менен эскере кетүүбүз – биздин атуулдук парзыбыз, адамгерчилигибиз.

100 жылдын ичинде бул гезитте эмгектенген калемгерлер элибизде, жергебизде болуп жаткан  жаңылыктарды жайылтуу, ийгиликтерди  коштоо жана көйгөйлөрдү четтетүүгө көмөктөшүү  вазипасын аткарып келди. Дагы деле ошол калыбынан жазган жок.

Урматтуу кылым карыткан “Кыргыз Туусу” гезитинде эмгектенген  жана азыркы учурда иштеп жаткан калем ээлери,  ноокаттыктар сиздерди 100 жылдык майрамыңыздар менен  кызуу куттуктап, көөнөрбөс  чыгармачылык каалайбыз!

Аксы районундагы № 37- Алтынай атындагы орто мектептин тарых мугалими Айзада СУЛТАНБЕКОВА: «Байсалдуу көчүңөр улана берсин!»

Мугалим калкы жумушубузга байланыштуу  гезит-журналдарды, алардын ичинен “Кыргыз Туусу” гезитин көп окуйбуз. “Кыргыз Туусу” гезитинде жарыяланган материалдар билим деңгээлибизди көтөрүүгө жардам берип жаткандыгын  биз айтпасак ким айтат.

Мен “Кыргыз Туусунун” улуу муундагы ага-эжелерибиз калтырган салтын татыктуу улантып  келаткан  азыркы кызматкерлерине абдан суктанам. Байсалдуу көчтү улантып жаткан азыркы муун-баарыңыздар бактылуу инсансыздар. Көтөргөн жүгүңүздөр жеңил болуп, зоболоңуздар бийиктей берсин!

Мурунку макалаМайрамбек ТОКТОРОВ: «Улуттук басма сөздүн бешиги»
Кийинки макала«Кыргыз Туусуна» кызмат кылгандар

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз