Башкы бетке Министрлер кабинети Бишкектеги “Вефа” соода борборунда өрт чыкты

Бишкектеги “Вефа” соода борборунда өрт чыкты

0
466

Бишкектеги “Вефа” соода борборунда өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, Байтик баатыр көчөсүндөгү “Вефа” соода борборунун 3-кабатында жайгашкан “Oz Huzur Sukuret” кафесинен өрт чыккан.

Маалымат түшөр замат өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм, автошаты жана штаб тартылды.

Кафенин аба сордургучунан тутанган тилсиз жоо саат 10:52де толук өчүрүлдү. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 15 чарчы метрди түзөт. Соода борбордон 150дөй адам эвакуацияланган. Жабыркагандар жок.

Мурунку макалаБишкекте Борбор Азиядагы ЖОЖдордун ректорлорунун III форуму өтүүдө
Кийинки макалаМыйзамсыз көрнөк-жарнак илгендерге 327 миң сом айып салынды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз