Башкы бетке Коом Мыйзамсыз көрнөк-жарнак илгендерге 327 миң сом айып салынды

Мыйзамсыз көрнөк-жарнак илгендерге 327 миң сом айып салынды

0
300

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы мыйзамсыз көрнөк-жарнак орноткондорго 327 миң сом айып салды.

Ведомствонун Жол көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан КР мыйзамындарынын талаптарын аткаруу үчүн 12-ноябрдан 15-ноябрга чейин өлкө аймагында «Жарнама тактасы» аталышындагы рейддик иш-чарасы өткөрүлдү.

Анда жол жээгиндеги тилкелерде тиешелүү органдар менен макулдашпастан жарнама такталарын, паннолорду, транспаранттарды, көрнөктөрдү, плакаттарды, афишаларды, белгилерди, көрсөткүчтөрдү жана башка көрнөктөрдү өз билемдик менен орнотуп алган 109 факты аныкталып, тийиштүү протоколдор толтуруу менен 327 миң сомго айып салынды.

Ошондой эле көрнөк-жарнактарды туура эмес орноткон 78 жаранга эскертмелер берилди.

Мурунку макалаБишкектеги «Вефа» соода борборунда өрт чыкты
Кийинки макалаАйыл чарба министрлиги: Малды көзөмөлсүз союу олуттуу коркунуч жаратат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз