Башкы бетке Илим Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча чоң мелдеш өтөт

Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча чоң мелдеш өтөт

0
446

Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстандын президентинин кубогу, II Дүйнөлүк кыргыз күрөшү боюнча чемпионат өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 22-23-августта Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өтөт.

Мелдештин биринчи күнү президенттин кубогунун алкагында алптардын күрөшү болот. Ага өлкө атынан балбандар Бактияр Мирлан уулу жана Бекболот Токтогонов катышат.

Бул таймашка 35 өлкөдөн 200 дөн ашык спортчу келери күтүлүүдө. Байге фонду 1 млн сомду түзөт.

Мурунку макалаНөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт
Кийинки макалаБүгүнкү доллардын курсу

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз