Башкы бетке Рубрикасы жок Сауд Аравия дипломаттык жана кызматтык паспорт ээлерине визасыз кирүүгө уруксат берет

Сауд Аравия дипломаттык жана кызматтык паспорт ээлерине визасыз кирүүгө уруксат берет

0
1181

Бүгүн Президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 7-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Сауд Аравия Падышалыгынын өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду ратификациялоо жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 15-майында КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Меморандумга ылайык, ар бир тараптын жарандары дипломатиялык же атайын, кызматтык паспорт ээлери миссия менен же жеке максатта экинчи тараптын аймагында 180 күн жүрө алат. Анын ичинде үзгүлтүксүз 90 күндөн ашпаган убакта же бир нече жолу кирип, жүрө алат.

Маалыматта бул мыйзам «ишкерликти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт жана жарандардын — дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорт ээлеринин эки өлкө аймагында жүрүүсүн жеңилдетет», — деп жазылган.

Мурунку макалаЖогорку Кеңеш Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун колдоду
Кийинки макалаID карталарды бекер алмаштыруу боюнча акция жарыяланды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз