Башкы бетке Саясат Марат Нуралиев Катардын муниципалитет министри менен жолугушту

Марат Нуралиев Катардын муниципалитет министри менен жолугушту

0
490

Доха шаарында Кыргызстандын элчиси Марат Нуралиев Катардын муниципалитет министри Абдулла бин Хамад бин Абдулла Аль-Атия менен жолугушту.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-катар эки тараптуу кызматташтыгын бекемдөөнүн келечегин жана эки өлкөнүн борбор шаарларынын ортосунда тажрыйба алмашуунун жолдорун талкуулашты.

Мындан тышкары, азык-түлүк коопсуздугу жаатында кызматташуу, анын ичинде Кыргызстанда өндүрүлгөн органикалык азык-түлүк продукцияларын Катарга экспорттоо жана Доха шаарында уюштурулган көргөзмө-жарманкелерге кыргыз өндүрүүчүлөрүн катыштыруу маселелери көтөрүлдү.

 

Мурунку макалаКыргызстан менен Франциянын маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташтыгы талкууланды
Кийинки макала15 жашар кыз жол кырсыгынан каза тапты

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз