Башкы бетке Коом Тойлор жана ойлор

Тойлор жана ойлор

0
1174

Күз аш-тойлордун мезгили. Мурда тойлор алтынчы жана базар күндөрү өтсө, эми аптанын бардык күндөрүндө тойго чакыруу аласың.

Минтип, тойлор болуп, элибиз сүймөнчүлүгүн жакындары, туугандары менен бөлүшүп, айлап-жылдап көрүшпөгөн агаиндер тойлордо көрүшүп, сүйлөшүп, чер жазышып, бейтааныштар таа-нышып, бапырап, дасторкон үстү токчулуктун, берекенин жышаанын көрсөтүп, төгүлүп-чачылып турганга не жетсин.

Бирок, кандай дегенибиз менен тойлордогу ашыкча ысырапкорчулук коомчулукту тынчсыздандырып, канткенде ысырапкорчулукту азайтып, тойлорго жаңыча мазмун бере алабыз, канткенде тойлорду жаңыча жөрөлгө, салт-санаа менен өткөрө алабыз деген маселе күн тартибинде туруп келет. Бул колунда жокторду гана эмес, колунда барларды да ойлонткон маселе.

Былтыр той маселесине белгилүү ишкер Аскар Салымбеков да кайрылып, анын форматын өзгөртүү сунушун айткан.

“Биринчиден, тойлор өз убагында башталбайт. 1-2 саат зарыктырып, кеч башталат. Муну менен биз убакытты уурдатып, өзүбүздүн да, башкалардын да убалына калып жатканыбызды сезип туруп, сезгибиз келбейт.

…Үйлөнүү тойдун форматы 2 бөлүктөн турса дейм. Эң оболу той белгиленген убакытта башталыш керек. Биринчи бөлүгүндө тойдун салтанаттуу бөлүгүн ачып, тойду баштап алган соң, а дегенде карыяларга, ардактуу конокторго сөз берип, алардын батасын алып, каалоолорун уксак. Андан кийин сый тамак тартылып, эң улуулар бата берип, үйлөрүнө жылуу-жумшак узаса дейм. Анан антракт жарыяланып жаштардын кечеси уланса. Экинчи бөлүктө, оюн-зоок, ыр, бийлерди уюштуруп, түнкү саат 11:00гө чейин тарап кете тургандай болсо, убакыттан да утмакпыз.

Экинчиден, кыз узатуу, нике той сыяктуу тойлор жакындардын курчоосунда үйдө эле өткөрүлгөнү туура. Болбосо чыгымдар баштан ашат, кол жуудуруу, түштөнтүү, өргүтүү жана кийит, себет, кешик алмашуу. Мунун баарын кыскартып, жаштарга шарт түзүп берген туура. Мисалы, үй алып берсек, же бизнес ачканга ошол каражаттарды жумшасак, жаш үй-бүлө үчүн чоң өбөлгө болбойт беле” – деген ал.

Быйыл социалдык тармакта Такен Макиш деген ат менен белгилүү мурдагы айыл чарба министри Талант Узакбаев фейсбук баракчасына: “Тойлор болсун, болуп турсун, бирок азыркыдай эмес. Тойдун баарынын сценарийи коёндой окшош. Бакырчаак тамадалар тажатты. Алардын үнүнөн аллергия. Башталгандан тойдун аягына чейин бакырат. Кайдагы болбогон оюндарды ойнотуп, ызы-чуу салып андан беш бетер кулак-мээңди жарат. 6-7 саат отуруп жаныңдагы аксакал менен, кудаң менен, сый адамдар менен бир ооз сөз сүйлөшө албай кете бересиң. Беркисин да ичпеген соң 6-7 саат жалдырап отуруп, бакырчаак тамададан үч көчкөн журттай тажап, той ээсин сыйлагандыктан качып кете албай, бат-баттан тышка чыгып, эс алып, кайра кирип отурасың. Ой, айланайындар! Жок дегенде биринчи антракттан кийин бош убакыт берсеңер боло?! Жаныңда отурган адам менен баарлашып, тааныбасаң таанышып, чер жазыша кеп салышып алганга не жетсин. Эми ысырапкорчулук жөнүндө айтпай эле коеюн.

… Тойлор учурда коомубуздун турмушунун бир белгиси болуп калды. Кааласак-каалабасак дагы той маданиятыбызды, үрп-адатыбызды, салт-санаабызды көргөзө турган аренага айланды. Ошондуктан мамлекет көңүл буруп, бул иш чаранын эрежесин, сценарийин, тартибин иштеп чыкканга мезгил жетти көрүнөт. Болбосо биздин менталитетке жат, үрп-адатка тескери, адеп-ахлакка терс көрүнүштөр күчөгөндөн күчөп баратат” – деп жазды.

Алардын пикирлерине кошулбай коюуга болбойт. Туура, тойлордун өтүшүнө эч кимдин каршылыгы жок. Кеп, тойлордун маани-маңызында, тойлорго карата нааразычылык, каршылыктын төркүнү ушул жакта. Азыр кафе-ресторандарда өткөн тойлорду айтпаганда, үйүндө кудасын тоссо деле тамада чакырып, ырчы-чоорчуну ырдатканды адатка айландырып алдык. Үйгө куда-сөөгүңдү чакырган соң алар менен кенен-кесир отуруп, чер жазыша сүйлөшө турган сөзүң болбосо, анда биз кимбиз? Куда-сөөктөр бет маңдай отурган учурлар дайыма эле боло бербейт. Жылына бир, же 2-3 жылда бир жолугуп сүйлөшө турган болгон соң, ортомчунун кереги эмне. Андан көрө, санжыра кептен сүйлөшүп, өткөн-кеткендерди эстешип, эл-жериңди, ата тегиңди сурашып, улама кеп айтканга не жетсин.

Кыргызда “тойго барсаң тоюп бар” деген кеп бар. Тойго чакырылган меймандар тойго курсагымды тойгузайын деп барбайт. Андыктан, дасторкон үстү бош турбасын деп меймандар жебеген салаттардын коюлганы да ашыкча. Тойго арналып жылкы союлуп жаткан соң, биринчи же экинчи тамакты кыскартып койсо, тойду бир антракт менен чектеп койсо, келген меймандар таарынбаса керек. Муну менен бир топ ашыкча чыгымдар 40-50 миңге жана тойго кеткен 5-6 сааттык убакыт 3-4 саатка өзүнөн өзү кыскармак.

Тойго аты чыккан ырчылардан чакырып, ашыкча чыгым болгондор мындан көп. “Эл ичи өнөр кенчи” дейт. Той ээси сырттан ырчы чакыргандан көрө, аларга берген акчасын чакырган конокторунун арасынан мыкты ырдагандарды ырдатып, ошолорго берсе болбойбу. Мындан келген меймандар да, той ээси да утмак. Эң башкысы, эл тойлорго бийлейм деп гана эмес, ырдайм деп да бармак.

Дагы бир чоң маселе бул бата. Тойлордо аксакалдарыбыз бата бергенден катуу аксап жатышат. Той болоорун билген соң, батага ылайык сөздөрдү жаттап алгандын эмнеси кыйын?!!

Кыскасы, тойлордун форматын жана анда берилчү сый тамактардын менюсун өзгөртүүгө мезгил жетти. Эгер биз өзүбүздү сыйлаган эл болсок, анда тойлорубузду элибиздин каада-салтына, наркына ылайык өзгөртпөсөк, аябай эле чанжырап баратабыз, ыксыз, ашыкча чыгымдарыбыз да көбөйүп баратат.

Болотбек Таштаналиев, «Кыргыз Туусу»

Мурунку макалаКыргыз эл жазуучусу Мелис Абакировго эстелик тургузулду
Кийинки макала№72(24844) 2024-жыл 27-сентябрь

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз