Башкы бетке Рубрикасы жок Каныбек ИМАНАЛИЕВ: “Санариптештирилбеген китеп 30-40 жылда жок болуп кетиши мүмкүн”

Каныбек ИМАНАЛИЕВ: “Санариптештирилбеген китеп 30-40 жылда жок болуп кетиши мүмкүн”

1
501

21-ноябрда Улуттук жазуучулар союзунун 90 жылдык мааракеси белгиленет. Аны утурлай Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек ИМАНАЛИЕВ менен баарлаштык.

– Каныбек Капашович, апрель айынан бери Улуттук жазуучулар союзун жетектеп жатасыз. Көп жылдар мамлекетке өгөй баладай болуп келген уюмда эмне жаңылыктар болуп жатат?

– Андан бери негизги үч багытта иштедик. Жазуучулар союзунда Нурлан Калыбеков төрага болуп турганда Президенттин колдоосу менен имараты оңдолгон экен. Быйыл союз имаратынын кире беришине акын, жазуучулардан чыккан Кыргыз эл баатырларынын, Жазуучулар союзунун мурдагы төрагаларынын сүрөттөрүн илдик. Бир кабинетибизге союз сайтын, студиясын ачтык. Санариптин доору болуп жаткандыктан буюрса жаңы жылга чейин көзү өтүп кеткен 100 акындын чыгармаларын санариптештирип, аудиого түшүрөлү деп турабыз. Үчүнчү багытыбыз, Жазуучулар союзунун 90 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрдүк. Бул иш-чарага 8 өлкөдөн делегаттар, республиканын региондорунан Жазуучулар союзунун мүчөлөрү, өкүлдөр келишет. Россиядагы адабий ийримдерден да он кишини чакырдык.

– 90 жылдык юбилейдин негизги максаты кандай?

– Юбилейлик иш-чаранын негизги максаты – тарыхка баа берүү. Жакында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгын белгиледик. Ошол 100 жылдыкка жазуучулардан Касым Тыныстанов, Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Касымалы Баялинов, Жусуп Турусбеков, Узакбай Абдукаимов, Сыдык Карачев, Кусейин Карасаев жана башкалар түздөн түз катышкан. 90 жыл ичинде жазуучулар жазуучулук менен бирге агартуучулук милдетти, интеллигенциянын ролун да аткарышты. Алсак, Аалы Токомбаев кыргыз адабиятын 15 социалисттик  республиканын деңгээлине алып чыкса, Чыңгыз Айтматов жалпы дүйнөлүк деңгээлге алып чыкты. Айтматовдун 100 млн. нуска менен чыккан китептери 150 өлкөнүн тилине которулду. СССР мамлекетинде эгемендүү мамлекет болбогонубуз менен эгемендүү адабиятыбыз болду. Тагыраак айтканда, биздин маданият биздин саясий эгемендиктен мурдараак таанылды. Ошон үчүн кыргыз тарыхында маданияттын ролу эбегейсиз.

Кыргызстандын тарыхында эки жолу чоң ренессанс болгон. Биринчиси, Улуу кыргыз каганатынын убагында болсо, экинчи ренессанс советтик доордо болгон. Турдакун Усубалиев бир китебинде СССР эл артисттеринин саны боюнча Россия, Украина андан кийин эле биз турганыбызды жазат. Ал эми опера, кино, драматургия, скульп-
тура боюнча СССРде биз лидер болуп турганбыз. Мисалы, Орто Азияда Тургунбай Садыковдукуна жете турган скульптура жок алиге чейин. Гапар Айтиев сүрөт искусствосун негиздеп кетти. Ошону менен бирге эле Жазуучулар союзунун  адабиятта, маданиятта, рухий казынада, агартууда, эң негизгиси мамлекетти бекемдөөдө ролу эбегейсиз болду. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда акын, жазуучулар калемин автоматка алмаштырып согушта жүрүштү. Майдандан кайтып келишкен Түмөнбай Байзаков, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев Кыргыз эл баатыры болушту. Өзү негизи Кыргыз эл баатыры наамын эң көп алган союз так ушул – Улуттук жазуучулар союзу. Элмирбек Иманалиевди кошкондо 10 Кыргыз эл баатырыбыз бар экен.

– Быйыл мамлекет тарабынан 100 автордон 100 китеп долбоорунун алкагында адабий китептер чыгат дедиңиз эле. Бул ишке ашкыдайбы?

– Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев менен бирдикте 100 антологияга жүз чыгарма тандап бергенбиз. Анын 15и роман. Өкмөт акча берсе биз 15 томдук китеп чыгарганга даярбыз. Повесттер, аңгемелер, драмалар, поэмалар жана поэзия жанры болуп кете берет. Себеби, бир авторго бирден берсек калганы таарынып калат экен. Негизинен классика болгон чыгармалар. Менимче булар эмдиги жылы чыгып калат болуш керек. Быйыл Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги өзү акча бөлүп 76 китеп чыгарганы жатат. Ал жакта дагы кыргыз акын, жазуучуларынын китептери бар.

– Бүгүнкү күндө Улуттук жазуучулар союзунун канча мүчөсү бар жана мүчөлүккө кандай критерийлер менен кабыл алып жатасыздар?

– Жалпы 670 мүчөбүз бар экен. Негизинен мүчө болчу адамдын эки китеби жарык көрүп, ага эки киши рекомендация бериши керек экен. Биз үчүнчү кылып адабий конкурстарда биринчи орун алган авторлорду Жазуучулар союзуна дароо кабыл алалы деп чечтик. Быйыл Чыныбай Турсунбеков фонду уюштурган адабий конкурстун жеңүүчүсүн союзга мүчө кылып кабыл алдык. Мындан сырткары, бизде татыктуу китеп жазып, бирок союзга мүчө болбой жүргөн аттуу-баштуу адамдар бар экен. Мисалы, белгилүү куудул, Кыргыз эл артисти Күмөндөр Абыловдун, белгилүү төкмө акын Амантай Кутманалиевдин ырлары абдан күчтүү. Кыргыз эл баатыры Миталип Мамытов мээ жөнүндө аябай сонун китеп жазды. Аны көркөм чыгарма десек да, публицистика, илимий эмгек десек да болот. Дагы бир Кыргыз эл баатыры Алиясбек Алымкулов эки жакшы китеп жазган. Ушул инсандарды дагы ардактуу мүчө кылып кабыл алалы деп жатабыз.

– Акыркы жылдарда адабий сын жазгандар, баш-оту менен котормочулукка киришкендер саналуу болуп калды. Муну кантип жандандыра алабыз?

– Котормо тууралуу жакшы айттыңыз. Азыр биз котормочулук боюнча бирин-экин сыйлыктарды уюштуруп жатабыз. Мисалы, Мээрим Сейдилкан 7 китепти түркчөдөн которуптур. Бирок, ал союзга мүчө эмес экен, аны да мүчөлүккө кабыл алдык. Романдарды которуп жүргөн Мырзабүбү Үсөналиева деген эже бар экен. Ишен Айтманбетовдун популярдуу болуп жаткан “Бет-алман” романын которуптур. Азыр чынында кыргызчадан орусчага которгон котормочулар аз. Ал тургай азыр редакторлор жетишсиз. Ошол себептен китептерде каталар көп. Ошондуктан редактор, котормочуларды ишке алышыбыз керек. Мына быйыл Б.Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде адабий  курс ачылды. Алар менен тыгыз кызматташабыз.

Котормо демекчи, Чыңгыз Айтматовдукунан сырткары Шүкүрбек Бейшеналиевдин “Мүйүздүү текеси” абдан көп тилге которулган. Драмалардан Бексултан Жакиев, Мурза Гапаров, Мар Байжиевдики көп которулуптур. Азыр “Сынган кылычты” орусчага которо албайт элек да. “Сынган кылыч” Москвадан чыкканы эмне деген жаңылык. Асанбек Стамовдун “Золотая осень” китеби кезинде “Молодая Гвардия” басмаканасынан 400 миң нуска  менен чыккан. Эми биз кыргыз адабиятын түрк тилдүү өлкөлөрдүн тилине которушубуз керек. Муну эске алуу менен азыр биз Түрксой уюму менен тыгыз иштешип жатабыз. Султан Раевдин келгени бизге жакшы болду. Эмдиги жылы апрель айында Ошто түрк жаштарынын поэзия фестивалын өткөрөлү деп турабыз.

– Кыргыз мамлекетинин 100 жылдыгына карата бир топ адабий сыйлыктар да тапшырылса керек?

– Жакында Министрлер Кабинетинин колдоосу менен 7 номинация боюнча “Алтын калем” сыйлыгы тапшырылат. Андан сырткары Кыргызстандын Алыкул Осмонов атындагы сыйлыгы, балдар адабияты боюнча Тоголок Молдо сыйлыгы жана Мукай Элебаев атындагы республикалык проза сыйлыгы бар. Ошондой эле үч коомдук сыйлык бар. Байдылда Сарногоев сыйлыгын өзү туулуп өскөн айылындагы айыл өкмөтү колдоп жатат. Адабий сын боюнча Болот Акматов атындагы сыйлык да быйыл тапшырылат. Жолон Мамытов атындагы сыйлык болсо кийинки жылга калды. Сыйлыктар буюрса жетиштүү эле, болгону ошонун көлөмүн көбөйтөлү деп турабыз.

– Акыркы жылдары Токтогул сыйлыгы тапшырылбай калды. Быйыл бул маселе кандай болот?

– Бул сыйлыкты алты жылдан бери эч ким ала элек. Быйыл бул сыйлыкка көрсөтүүдө так эместиктер кетип калыптыр. Жалпы токтомдо акыркы үч жыл деп жүрөт. А биз 2023-жылды кошуп ийгенбиз. Ошого бул сыйлык быйыл каралбай калды.

– Азыркы шартта кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө мамлекет түрткү боло алабы?

– Сөзсүз боло алат. Себеби, адабият элге, улутка, мамлекетке кызмат кылат. Акын, жазуучулардын 90 пайызы мамлекеттик кызматтарда иштебейт. Россиялык Козлов деген футуролог “Санариптештирүү убагында маданияттын үч эле бөлүмү – биринчиси, коммерциялашкан (детектив, порнография ж.б), экинчиси, шоу-бизнес (ырчы, тамада), үчүнчүсү, санариптештирилгени гана жашап кетет” деп айтыптыр. Азыр кимдин китеби санариптештирилбесе 40-50 жылдан кийин ал жок болуп кетиши мүмкүн. Себеби, эл китепканаларга барбай эле интернетте отуруп калды. Ошону эске алып быйыл “Чыгармачыл союздар жөнүндө” мыйзам даярдап киргиздик. Андан кийин чыгармачыл союздар менен мамлекеттин биргелешип иштеши жөнүндө программа түзөлү деп жатабыз. Кыргыз маданиятынын, адабиятынын, билиминин негизги армиясы китепканалар. Учурда 5 миңден ашык китепканада 7-8 миллиондой китеп жатат. Алар килейген имараттарды ээлеп, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрүнө ченемсиз акча кетип жатат. Мамлекеттин миссиясы ошолорду иштетүү. Тагыраак айтканда, андай жайларда компьютердик борбор, шахмат ойной турган аянт, чыгармачыл ийримдерди ачып, китепти ижарага бергенди жолго коюшубуз керек. Жаштар көчөдө жүргөндөн көрө ошол жерге келип аңгемелешсин, шахмат ойносун, ар кандай курстарга катышышсын. Ушу сыяктуу көп сунуштарыбыз бар. Мамлекет менен биз өнөктөш болуп иштешибиз керек.

– Билишибизче Улуттук жазуучулар союзу да бир топ кыйынчылыктарды баштан кечирди. Азыр акыбал кандай? 

– Отуз жыл ичинде Кыргызстанда кандай кризистер болсо Жазуучулар союзунда да төрт-бешке, экиге бөлүнүүлөр болгон. Азыр биригип бир консолидация болуп, өзүбүздүн аксакалдар кеңешибиз, президиумубуз, пленимубуз, съездибиз, бүт ийримдер менен иштеше турган залыбыз бар. Эми окурмандарга мыкты чыгармаларды тартуулообуз керек. Андай чыгармалар жок эмес, бар. Алсак маркум режиссёр Талип Ибраимовдун чыгармасы кезинде Россияда чоң сенсация жараткан. Азыркылардан да которула элек мыкты акындар бар. Драматургияга көп жаштар келбей жатат. Мурда киносценаристтерди Москвадан даярдашчу эле, азыр Кыргызстанда жакшы киносценарист жок. Чындап келсе ал деле адабиятка байланыштуу маселе. Албетте, искусствонун баары эле улуу, бирок, анын башында адабият турат. Адабият чыгарма жаратса ошондон кино тартылат. Пьесага спектакль коюлуп, жазылган ырга обон чыгарылат. Баарын түртүп кете турган адабият. Ошондуктан биз XXI кылымда кыргыз элинин астындагы адабияттын жаңы миссиясын аныктап, ошол боюнча иштешибиз керек. Биринчи –санариптештирүү, экинчи – тышкы дүйнөгө чыгышыбыз керек (котормолор), үчүнчүсү – Айтматов үндөөсү. 2028-жылды БУУ «Чыңгыз Айтматов жылы» деп жарыялайт. Биз азыртан ошого даярдыктарды көрүп башташыбыз
керек.

Мелис СОВЕТ уулу, «Кыргыз Туусу»

Мурунку макала“Эркин Тоону” эргүү менен эскерген – Мамасалы Абдукаримов
Кийинки макалаКыргыз эл мугалими Бекмурза Батыркуловдун ысымын унутабызбы?

1 КОММЕНТАРИЙ

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз