Башкы бетке Коом Кыргызстанда кант кызылчасынын түшүмү рекорддук көрсөткүчкө жетти

Кыргызстанда кант кызылчасынын түшүмү рекорддук көрсөткүчкө жетти

0
380

Кыргызстанда кант кызылчасынын түшүмү акыркы 10 жылдагы рекорддук көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл кант кызылчасынын түшүмү 900 миң тоннага жетээри болжолдонууда. Бул 120 миң тонна ак кантты өндүрүүгө мүмкүндүк берет.

“Өлкөдө быйылкыдай түшүмдүн көлөмү акыркы 10 жылдагы рекорддук көрсөткүч болуп эсептелет”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын аймагында кант өндүрүүчү 2 ишкана иштеп жатат: “Кайында-Кант” жана “Кошой” ААК. Заводдор кант кызылчасынан да, кант камышынан да кант чыгарат.

Мурунку макалаОш – Бишкек унаа жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди
Кийинки макалаТрамп Илон Маскты кызматка дайындады

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз