Башкы бетке Рубрикасы жок Ош – Бишкек унаа жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Ош – Бишкек унаа жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

0
451

Ош – Бишкек унаа жолунда кайрадан оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда кар жаап, жолдорду тазалоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу Сосновка, Чычкан, Арал көзөмөл өткөрмө жайларынан оор жүк ташуучу унаалардын жүрүү кыймылына кайрадан чектөөлөр киргизилди.

“Урматтуу айдоочулар жолго чыгаарда жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырып, унаанын техникалык абалына көңүл буруп, каршы тилкеге чыкпастан, алдыдагы унаа менен болгон аралыкты сактап, сөзсүз түрдө дөңгөлөккө ороочу чынжырларды же кошумча дөңгөлөктөрдү алып алууну эскертебиз”, – деп айтылат маалыматта.

Мурунку макалаТоктогул суу сактагычында суунун көлөмү 13,1 млрд. куб метрди түздү
Кийинки макалаКыргызстанда кант кызылчасынын түшүмү рекорддук көрсөткүчкө жетти

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз