Башкы бетке Рубрикасы жок Эдил Байсалов Тажикстандын вице-премьер-министри менен жолукту

Эдил Байсалов Тажикстандын вице-премьер-министри менен жолукту

0
517

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов башында турган Кыргызстандын делегациясы тажик тараптын чакыруусу боюнча Тажикстан Худжанд шаарына Тажикстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата өтүүчү салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн барды.

Жумушчу сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Тажикстандын вице-премьер-министри Зиезода Сулаймон Ризоименен жолугушту.

Тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда, эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда түрдүү тармактарда өз ара аракеттенүү маселелерин карашты.

Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн аякташы менен эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү бардык багытта өнүгөт деген ишенимин билдиришти.

 

Мурунку макалаЖогорку Кеңештин төрагасы Токмок шаарына иш сапары менен барды
Кийинки макалаАкылбек Жапаров Кореянын Кёнсан-Пукто провинциясынын губернатору Ли Чоль У менен жолукту

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз