Башкы бетке Рубрикасы жок Садыр Жапаров иш сапары менен Эр-Риядга барды

Садыр Жапаров иш сапары менен Эр-Риядга барды

0
382

Президент Садыр Жапаров кечээ, 10-ноябрда, иш сапары менен Сауд Аравия Падышалыгынын Эр-Рияд шаарына барды.

Мамлекет башчысынын борту Эр-Рияд шаарынын Падыша Халид атындагы эл аралык аэропортуна конду.

Учактан түшө беришинде килем төшөлүп, Ардак кароолдун ротасы тизилди.

Президент Садыр Жапаровду Эр-Рияд провинциясынын губернаторунун орун басары — Улуу даражалуу ханзаада Мухаммад бин Абдурахман бин Абдулазиз Аль Сауд жана башка расмий адамдар тосуп алды.

Эскерте кетсек, иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин кезексиз Ислам саммитине катышат, анын жүрүшүндө Палестина жана түштүк Ливан, ошондой эле жалпы эле Жакынкы Чыгыш аймагындагы учурдагы кырдаалды талкуулоо пландаштырылууда.

Мурунку макалаПрезидент иш сапары менен Сауд Аравия Падышалыгына жөнөп кетти
Кийинки макалаБир жумада 14,4 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз